Дүйнөлүк сыйлык: VISA MBANK’ты бизнес үчүн инновациялар үчүн сыйлады

22 Бугу 2026

Санарип төлөмдөр тармагындагы дүйнөлүк лидер VISA MBANK’ты бизнес үчүн санариптик кызматтарды өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн сыйлык ыйгарды. Банк MBusiness колдонмосунда Visa Direct Account технологиясын ийгиликтүү ишке киргизгени үчүн сыйлыкка ээ болду. Бул технология ишкерлерге жана юридикалык жактарга эл аралык эсептешүүлөр үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

Сыйлык тапшыруу аземи MBANK жетекчилиги жана VISAнын Борбор Азиядагы өкүлдөрүнүн расмий жолугушуусунун алкагында өттү. Жолугушууда тараптар эл аралык төлөмдөрдү өнүктүрүү перспективаларын жана аймакта каржылык кызматтарды жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылууга багытталган заманбап санарип чечимдерди киргизүү маселелерин талкуулашты.

VISA өкүлдөрү Кыргызстандагы ишкерчиликти өнүктүрүүгө көмөктөшкөн инновацияларды активдүү киргизгени үчүн банкка ыраазычылык билдиришти.

«Биз MBANK’ты VISA Direct Account чечимин киргизгени үчүн сыйлык ыйгарууга кубанычтабыз. Бул чечим эл аралык төлөмдөрдү дагы ылдамыраак, ыңгайлуураак жана коопсуз кылат. Чет өлкөлөргө каражаттарды дээрлик реалдуу убакыт режиминде жөнөтүү мүмкүнчүлүгү бизнес кардарларга компанияларын натыйжалуу өнүктүрүүгө жана жаңы рынокторго чыгууга жардам берет», — деп белгиледи VISAнын Борбор Азиядагы вице-президенти жана регионалдык менеджери Санжар Сулейманов.

Өз кезегинде MBANK өкүлдөрү заманбап чечимдерди киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

«Бул сыйлыкты алуу — биздин санариптик чечимдерибиз бизнес үчүн пайдалуу жана талап кылынарын тастыктаган маанилүү белги. Биз кыргызстандык ишкерлер үчүн глобалдык рынокторду жакындатууга умтулабыз, ошондуктан эми эл аралык төлөмдөр MBusiness колдонмосунда бир баскыч менен жеткиликтүү болду. Банктын максаты — бизнести ачык жана натыйжалуу жүргүзүүгө жардам берген ыңгайлуу инструменттерди түзүү. Бул чечим ар бир кардар үчүн жеткиликтүү: жеке ишкерлерден жана чакан компаниялардан тартып ири корпорацияларга чейин», — деп белгиледи Корпоративдик сегменттин санариптик өнүгүү департаментинин директору Алтынай Егембердиева.


Visa Direct Account деген эмне

MBusiness колдонмосундагы Visa Direct Account кызматы — бул бизнес үчүн эл аралык төлөмдөрдү өтө жөнөкөй, ылдам жана алдын ала пландоого мүмкүн болгон чечим. Анын жардамы менен ишкерлер АКШ, Улуу Британия, Түштүк Корея жана Европанын бардык өлкөлөрүндөгү өнөктөштөргө банктагы кошумча татаал процедураларсыз эле,түздөн-түз эсептен акча жөнөтө алышат.

Visa Direct технологиясынын аркасында эл аралык төлөмдөр дагы ачык жана жеткиликтүү болот.

Комиссиялар алдын ала түшүнүктүү: кичи которуулар үчүн туруктуу тариф ($3 же €7), ал эми ири которуулар үчүн — 1%дан башталат. Валютаны жөнөтүүдөн мурун колдонмодон ыңгайлуу курс менен сатып алууга болот. Натыйжада бизнес операциялык