Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
Барселонага барып, Ламин Ямаль менен жолугууга мүмкүнчүлүк алган жеңүүчү аныкталды!
Кыялдар Visa жана MBANK менен ишке ашат: Барселонага барып, Ламин Ямаль менен жолугууга мүмкүнчүлүк алган жеңүүчү аныкталды!

29-декабрда «Түндүк жарыгы» эс алуу комплексинде майрамдык маанайда жана кышкы жомоктогудай атмосферада көптөн күткөн иш-чара болуп өттү. MBANK Visa төлөм системасы менен биргеликте ири акциянын жыйынтыгын расмий чыгарып, дүйнөлүк футболдун борбору болгон Барселона шаарына жол тартчу бактылуу жеңүүчүнү жарыялады.
Бүткүл үй-бүлө үчүн кыялдагы саякат
Акциянын жеңүүчүсү — Турганбаев И.Э. Бирок бул кубанычты ал жалгыз эмес: өзгөчө саякатка жеңүүчү уулу менен бөлүшүп, бирге жөнөйт.
Башкы байге — чоң футбол дүйнөсүнө «баары камтылган» өзгөчө пакет
Бул жөн гана жолдомо эмес, унутулгус тажрыйба:
· Учуу жана жашоо: Барселонага авиабилеттер жана ыңгайлуу мейманканада жайгашуу;
· Маданий программа: Европадагы эң кооз шаарлардын бири боюнча обзордук экскурсия;
· Футболдук эмоциялар: легендарлуу аренадагы кызыктуу матчка баруу;
· Легенданын тарыхы: «Камп Ноу» культтук стадиону боюнча иммерсивдүү тур;
· Башкы окуя: дүйнөлүк футболдун жылдызы Ламин Ямаль менен жеке жолугушуу!
Бул кандай болду? Жеңиштин сыры
Акция 2025-жылдын 1-ноябрынан 20-декабрына чейин өтүп, MBANKтын бардык кардарлары үчүн жеткиликтүү болду. Катышуу үчүн MBANKтан Visa Gold картасын колдонуп, POS-терминалдар жана e-commerce аркылуу ар кайсы соода түйүндөрүндө 1 000 сомдон жогору суммада төлөмдөрдү жүргүзүү талап кылынган.
Акциянын жүрүшүндө жеңүүчү ири көлөмдө транзакцияларды жүргүзүп, лидер болуп чыгып, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон футбол күйөрмандары кыялданган башкы байгени — көптөн күткөн саякатты утуп алды.
MBANKтын Visa Gold картасы — сиз үчүн «жеткиликтүү премиум»
MBANKтын Visa Gold картасы — бул чоң оюндарга катышуунун ачкычы гана эмес, күнүмдүк ыңгайлуулук үчүн ишенимдүү курал. Ал премиум артыкчылыктарды жана жеткиликтүүлүктү айкалыштырат:
- Жагымдуу башталыш: биринчи жылы жылдык тейлөө акысы — 0 сом. Кийинки жылдары — болгону жылына 500 сом;
- Каржылык эркиндик: эсепте милдеттүү минималдуу калдык талап кылынбайт;
- Узак мөөнөттүү колдонуу: картанын жарактуу мөөнөтү — 5 жыл.
Visa жана MBANK кардарларын заманбап технологиялык чечимдер жана жаркын долбоорлор менен кубандырууну улантат. Балким, кийинки жолу өзүңүз кыялыңызга карай жол тартарсыз!
КРУБ №014 лицензиясы