ky
close icon
image
search icon
burger icon
close icon
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
MAcademy
image
ky
search icon

MBANK мамлекеттик кызматтарды санариптештирүүгө кошкон салымы үчүн сыйланды

10 Тогуздун айы 2025

MBANK мамлекеттик кызматтарды мобилдик колдонмого интеграциялаганы үчүн жогору баага ээ болду

Кыргыз Республикасынын Президенттин Иш башкармалыгына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо боюнча мамлекеттик борбор 8-октябрда «Технопаркта» MBANKка сыйлыгын тапшырды.

MBANK — өлкөдөгү санариптик банктык чечимдердин лидери — жарандар үчүн мамлекеттик кызматтарды мүмкүн болушунча жеткиликтүү жана ыңгайлуу кылуу үстүндө иштеп келет.
Мамлекет менен тыгыз кызматташуунун аркасында MBANK тиркемесинин колдонуучулары эми автоунааларга байланыштуу кызматтарды тез, онлайн жана кезексиз төлөй алышат:

Унааны кайра каттоо — транспорт каражаттарын каттоого тиешелүү төлөмдөр жана жыйымдар;
Онлайн төлөмдөрдү кабыл алуу — мамлекеттик кызматтарды ыңгайлуу төлөө мүмкүнчүлүгү;
Car Check — унаанын тарыхын жана статусун текшерүү кызматы;
Терезелерди караңгылатууга уруксат алуу — расмий уруксат үчүн төлөм жүргүзүү.

«MBANK борбор менен жемиштүү кызматташып, ыкчам жана ыңгайлуу онлайн төлөмдөрдү камсыз кылды. Ыраазычылык билдирип, MBANK кызматкерлерине Ардак грамота жана ыраазычылык кат тапшырабыз», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Президенттин Иш башкармалыгына караштуу транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо мамлекеттик борборунун директорунун орун басары Тилек Женишев.

Бул кызматтардын интеграциясы унаа ээлеринин жашоосун кыйла жеңилдетип, бюрократиялык процедураларга кеткен убакытты кыскартты жана MBANK’тын Кыргызстандагы эң инновациялык банк экенин дагы бир жолу тастыктады.

«MBANK — жарандар менен мамлекет үчүн негизги санариптик өнөктөш. Биз санариптик өзгөрүүлөрдүн локомотиви болууну өз мойнубузга алып, кардарларыбыздын жашоосун дагы ыңгайлуу кылуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейүүнү улантуудабыз», — деди Марат Торалиев, MBANKтын стратегиялык жана санариптик өнүктүрүү боюнча башкармалыктын төрагасынын биринчи орун басары.

MBANK өз колдонмосунда мамлекеттик жана коммерциялык кызматтарды кеңейтип, Кыргызстандагы каржы секторунун санариптештирүүдөгү лидери макамын бекемдеп келет.

MBANK — Биринчи санарип!
КРУБ № 014 лицензиясы

 

Режим для слабовидящих

Шрифты

Интервал

Изображение

Цвета

Настройки