MBANK жалган маалыматтар тууралуу эскертет!

Урматтуу кардарлар!
Мессенжерлерде MBANK тууралуу жалган ушактар таркап жатат. Биз ишенимдүү түрдө билдиребиз: бул маалыматтар чындыкка дал келбейт. Банк туруктуу, кадимки тартипте иштеп жатат жана бардык милдеттенмелерин аткарууну улантууда.
Жалган маалымат таратуу фактысы боюнча MBANK тиешелүү укук коргоо органдарына расмий кайрылуу жасады. Банктын аброюн коргоо үчүн бардык зарыл чаралар көрүлдү.
Мындай билдирүүлөр сизде тынчсыздануу жаратышы мүмкүн экенин түшүнөбүз.
Ошондуктан, расмий жана ишенимдүү булактарга гана ишенүүнү сунуштайбыз:
Расмий сайт: www.mbank.kg
MBANK сиздин бардык суроолоруңузга жооп берүүгө жана күмөн ойлорду жоюуга дайым даяр. 3333 номериндеги байланыш борборубузга же жакынкы MBANK бөлүмүнө кайрылыңыз.
Биз ар бир кардарыбызды баалайбыз жана кызматтарыбыздын ишенимдүүлүгүнө кепилдик беребиз.
Урматтоо менен,
MBANK!