Толук баштапкы төлөмсүз дагы батириңиздин ачкычын алыңыз: MBANK жана Кепилдик фонд тоскоолдуктарды жок кылышууда!

MBANK ААК «Кепилдик фонду» менен биргеликте кыргызстандыктар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ишке киргизди. Үй алуу эми жеңил: банк салттуу ипотеканы да, «Мурабаха» принциби боюнча исламдык каржылоону да сунуштайт.
Кандай түшүнсө болот
Ипотекага арыз бергенде кардар өз каражатынын бир бөлүгүн төлөйт, ал эми калган бөлүгүн ААК «Кепилдик фонду» өзүнүн кепилдиги менен камсыз кылат. Үй-бүлөдө толук баштапкы төлөм жок болсо да батир сатып алуу мүмкүнчүлүгү бар.
MBANKтагы ипотекалар:
Салттуу ипотека
- Баштапкы төлөм — 30% баштап, анын бир бөлүгүн «Кепилдик фонду» жаба алат
- Мөөнөтү — 10 жылга чейин
- Валюта: сом же АКШ доллары
Ислам ипотекасы (Мисламик)
- Баштапкы төлөм — 20% баштайт, мында да «Кепилдик фонду» баштапкы төлөм ордуна кепилдик берүүгө катыша алат
- Мөөнөтү — 10 жылга чейин
- «Мурабаха» принциби боюнча каржылоо механикасы — жашыруун пайызсыз, белгиленген үстөк менен
Бул программа үй алуудагы каржылык жүктү жеңилдетүүгө жардам берет, анткени «Кепилдик фонду» жетишпеген баштапкы төлөмдү кепилдиги менен камсыздайт. Бул кыргызстандыктарга бүгүндөн калбай турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгүн берет.
MBANK жана «Кепилдик фонду» менен батир алуу оңой: салттуу же ислам ипотекасын тандаңыз жана баштапкы төлөмдү төлөөдө кепилденген колдоого ээ болуңуз.
MBANK – Биринчи санарип!
КРУБ № 014 лицензиясы.