Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
Баланы жайкы каникулда кантип пайдалуу ишке тартып, ошол эле учурда 25% үнөмдөөгө болот? Codify курстары үчүн M+ акылдуу бөлүп төлөө кызматы
Баланы жайкы каникулда кантип пайдалуу ишке тартып, ошол эле учурда 25% үнөмдөөгө болот? Codify курстары үчүн M+ акылдуу бөлүп төлөө кызматы

Эл аралык изилдөөлөргө ылайык, азыркы балдар күнүнө орточо 6–9 саат экран алдында убакыт өткөрүшөт. Жай мезгилинде мектептер жана ийримдер каникулга тараганда бул көрсөткүч дагы 45–55 мүнөткө көбөйөт. Бош убакыт көбүнчө гаджеттер менен өтөт, анткени мээ үчүн бул жеңил дофамин булагы болуп саналат. Ошондуктан ата-энелер үчүн телефонду жөн эле алып коюу эмес, анын ордуна пайдалуу альтернатива сунуштоо маанилүү. Социалдык тармактарды чексиз барактаганды токтотуп, балаңыз келечектин кесибин өздөштүрө алат.
Эмне үчүн IT — бүгүнтөн баштап келечекке эң жакшы инвестиция?
Бүгүнкү күндө IT — логика, чыгармачылык жана системалуу ой жүгүртүү талап кылынган чоң экосистема.
Айрым балдар Roblox же Minecraft оюндарын жөн гана ойносо, башкалары ошол платформаларда өз дүйнөлөрүн түзүп, программалоонун негиздерин үйрөнүп, жогорку кирешелүү жана туруктуу кесипке алгачкы кадамдарын таштап жатышат. Codify’дын жайкы программасы — баштоо үчүн эң ылайыктуу мүмкүнчүлүк.
M+ кызматы менен IT боюнча жеткиликтүү билим алуу
Сапаттуу билим берүү — ар бир үй-бүлө үчүн жеткиликтүү болушу керек болгон келечекке инвестиция. Жаңы окуу жылына даярдык жана жайкы эс алуу үй-бүлөлүк бюджетке оордук келтирбеши үчүн M+ кызматы бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн сунуштайт:
✅ Ашыкча чыгымсыз жана жашыруун пайыздарсыз
Курстун наркы кандай болсо, дал ошол сумманы ыңгайлуу бөлүктөр менен төлөйсүз.
✅ Баштапкы төлөм талап кылынбайт
Баары онлайн түрдө, колдонмодо бир нече баскыч менен эле таризделет.
✅ M+ менен арзаныраак
Окуу акысын M+ аркылуу төлөгөндө Codify’дын бардык жайкы курстарына 25% арзандатуу берилет.
Бул — балаңызга пайдалуу көндүмдөрдү берүү, аны каникулда кызыктуу жана пайдалуу иш менен алектендирүү жана ошол эле учурда олуттуу үнөмдөө үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.
Акция 2026-жылдын 30-июнуна чейин жарактуу.
M+ жана Codify — жайды пайдалуу өткөрүңүз!
M+ менен арзаныраак.
MBANK — биринчи санарип!
КР УБ №014 лицензиясы.