Ишкерлер үчүн акция: MKassa’дан төлөм кабыл алууда 0% комиссия — 31.12.2025-жылга чейин узартылды!

POS-терминалды тез жана акысыз алгыңыз келеби?
MKassa “Миллионго нөл пайыз” акциясын 2025-жылдын 31-декабрына чейин узартты!
Эгер сиз дагы ишиңизди санариптештире элек болсоңуз же жаңыдан пландап жатсаңыз — азыр эң туура учур!
Бул — бизнесиңиз үчүн эң пайдалуу шарттарда накталай эмес төлөмдөрдү кабыл ала баштоого жана бардык артыкчылыктарды пайдаланууга чоң мүмкүнчүлүк.
Акциянын катышуучулары эмнеге ээ болушат?
«Миллионго нөл пайыз» акциясы — накталай эмес төлөмдөрдү кабыл алууну тез жана чыгымсыз баштоого жардам берген комплекстүү чечим:
✅ 0% комиссия — карталар жана QR аркылуу төлөм кабыл алууда.
✅ Акысыз POS-терминал — жабдууну сатып алуу же жеткирүү чыгымдары жок.
✅ Акысыз ККМ (фискалдаштыруу) — кошумча чыгымсыз, каалооңуз боюнча кошулат.
✅ MBANK эсебине 24/7 акча которуу — акысыз.
0% комиссия шарттары ишкерлер жана ЖЧК үчүн 3 айга же айланма сумма 1 000 000 сомго жеткенче колдонулат.
Кантип катышса болот?
2025-жылдын 31-декабрына чейин MKassa’га катталган бардык ишкерлер акцияга катыша алышат.
MKassa — санариптик көзөмөл жана ыңгайлуулук
MKassa — бул жөн гана төлөм кабыл алуу кызматы эмес. Бул — бизнесиңизди башкаруунун заманбап куралы:
- QR жана карталар аркылуу накталай эмес төлөм кабыл алуу.
- Соода түйүндөрүн жана кассирлерди башкаруу.
- Телефондон же компьютерден деталдуу аналитика алуу.
- Кагаздарсыз жок — тез старт жана толук санариптик көзөмөл!
Туташуу үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз: https://mbank.kg/mkassa
MBANK — Биринчи санарип!.
КРУБ № 014 лицензиясы