Тоолор, Ысык-Көл жана ыңгайлуу эс алуу: баасы 2300 сомдон баштаган мейманканалар менен отелдерди ээлеп коюңуз

20 Үчтун айы 2026

Кыргызстан — ашык болбой коюуга мүмкүн болбогон өлкө. Таза аба, тоолуу пейзаждар, Ысык-Көлдүн тунук суулары жана шаар жашоосунда жетишпей жаткан кенендик. Бир эле күндүн ичинде кар баскан чокуларды көрүп, ийне жалбырактуу токойлордо сейилдеп, кечкисин көл жээгинде күндүн батышына көз чаптырууга болот.

Саякатчылар эң көп тандаган багыттардын бири — Каракол шаары. Тоолордун этегинде жайгашкан бул шаар активдүү эс алууну жана жаратылышты сүйгөндөр үчүн көптөн бери өзүнө тартып келет. Бирок ар бир сапарда эң негизги суроо бар — кайда түнөйбүз? Көп учурда турак жай издөө убакытты алат, кожоюндар менен жазышууга туура келет, деталдарды тактоо, төлөм жана брондоонун ырасталышы боюнча тынчсыздануулар жаралат.

Кыргызстан боюнча саякаттоо эми жеңилирээк

MTravel менен бул процесс кыйла ылдам жана жөнөкөй болуп калды. Эми сиз Кыргызстан боюнча отелдерди жана конок үйлөрүн онлайн түрдө — тез, ыңгайлуу жана коопсуз брондой аласыз.
Азыркы учурда колдонуучуларга Каракол шаарында турак жай брондоо мүмкүнчүлүгү жеткиликтүү.

Ыңгайлуулук жана коопсуздук

Кызмат MBANK экосистемасынын ичинде иштейт, ошондуктан төлөмдөр коопсуз жүргүзүлөт, ал эми алдын ала төлөм киргизилгенден кийин брондоо дароо ырасталат. Кошумча байланыш-борбордун колдоосу бар: адистер кардарлар менен телефон аркылуу байланышып, бронду тастыкташат. Бардык турак жай ээлери документтик текшерүүдөн өтүп, менчик укугун ырасташат, ошондуктан бул шылуундар эмес экенине ишенүүгө болот.

Турак жайды кантип ээлеп коюуга болот?

1.     MBANK колдонмосун ачыңыз

2.     MTravel колдонмосуна кириңиз

3.     «Кыргызстан» бөлүмүн тандаңыз

4.     Багытты, датаны жана адамдардын эсебин жазыңыз

5.     «Турак жайды табуу» баскычын басып, өзүңүзгө ылайыктуу вариантты тандаңыз

MTravel — Кыргызстан боюнча саякаттоо үчүн заманбап санариптик чечимдерди жана көнүмүш кызмат форматтарын айкалыштырган платформа. Жакын арада өлкөнүн башка аймактарында да брондоо жеткиликтүү болуп, турак жайлардын түрлөрү дагы кеңеймекчи. Эми Кыргызстандын кооз жерлерине саякаттоо жөнөкөй ээлеп коюу менен ыңгайлуу болот.

MBANK — Биринчи санарип!
КРУБ №14 лицензиясы