CVV-код эми MBANK колдонмоңузда гана жеткиликтүү

2026-жылдын 1-июлунан тартып MBANK жеке жактардын банк карталарындагы CVV/CVC-кодду жазуу тартибин өзгөртөт.
Эми жеке жактар үчүн чыгарылган бардык жаңы жана кайра чыгарылган пластикалык карталардын арткы бетине CVV/CVC-код басылбайт. Анын ордуна кодду MBANK мобилдик колдонмоңуздагы «Картанын реквизиттери» бөлүмүнөн көрүүгө болот.
Бул купуя маалыматтарды сактоонун заманбап ыкмасы жана карта колдонулганда же жоголуп кеткен учурда анын реквизиттерине үчүнчү жактар ээлик кылуу тобокелдигин азайтат.
CVV/CVC-кодду кайдан көрүүгө болот?
Кодду бир нече секундда эле көрүп алсаңыз болот:
- MBANK колдонмоңузду ачыңыз;
- башкы экрандан керектүү картаны тандаңыз;
- «Картанын реквизиттери» бөлүмүнө кириңиз;
- виртуалдык картада CVV/CVC-код көрсөтүлөт.
Эмнени билүү маанилүү?
Өзгөртүү CVV/CVC-коддун көрсөтүү ыкмасына гана тиешелүү.
Картанын башка бардык мүмкүнчүлүктөрү өзгөрүүсүз калат:
- дүкөндөрдө сатып алуулар үчүн төлөм жүргүзүү;
- контактсыз төлөмдөр;
- интернет аркылуу сатып алуулар;
- акча которуулар жана башка банктык операциялар.
Эгер интернет аркылуу төлөм жүргүзүүдө CVV/CVC-код талап кылынса, аны ар дайым MBANK колдонмоңуздан көрүүгө болот.
Өзгөртүүлөр кайсы карталарга тиешелүү?
Жаңы тартип төмөнкүлөргө колдонулат:
- жеке жактар үчүн чыгарылган бардык жаңы карталарга;
- кайра чыгарылган (перевыпуск) бардык жеке жактардын карталарына.
Буга чейин чыгарылган жана арткы бетинде CVV/CVC-коду басылган карталар болсо, алардын жарактуулук мөөнөтү аяктаганга же кайра чыгарылганга чейин кадимки тартипте иштей берет.
Өзгөчө учурлар
Өзгөртүүлөр төмөнкү карталарга тиешелүү эмес:
- Business карталары;
- Элкарт улуттук төлөм системасынын карталары.
Бул карталар үчүн CVV/CVC-кодду жайгаштыруу тартиби өзгөрүүсүз калат.
MBANK — биринчи санарип!