ky
close icon
image
search icon
burger icon
close icon
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
MAcademy
image
ky
search icon

Лев Толстой көчөсүндөгү “биржа”: санариптик чечим жумушсуздукка каршы жана миңдеген жарандарга жаңы мүмкүнчүлүк берет

22 Тогуздун айы 2025

Кыргызстандагы жогорку жумушсуздук шартында жеке сектор жарандарды колдоо жана эмгек рыногунун көмүскө бөлүгүн ачык системага өткөрүү үчүн чечкиндүү кадам жасоодо.

Сандар жана фактылар

Эмгек министрлигинин (булак: zanyatost.kg) 2025-жылдын 1-октябрына карата маалыматы боюнча, өлкө боюнча жумушсуздардын жалпы саны 104,7 миң адамды түзөт.
Алардын ичинен болгону 61,5 миңи гана расмий түрдө каттоодо турат.
Бул көрсөткүч он миңдеген эмгекке жөндөмдүү жарандар жумушту өз алдынча, көп учурда “Лев Толстой көчөсүндөгү эмгек биржасы” сыяктуу салттуу ыкмалар аркылуу издегенин көрсөтөт.

MBANK — жарандарга кам көрүүнү улантат

Дал ушул көйгөйгө жооп иретинде MBANK октябрь айынын башында Лев Толстой көчөсүндө көчмө акция өткөрдү — бул жерде күн сайын жүздөгөн жумушчулар кардар издешет.
Иш-чаранын максаты — элге жаңы кардарларды табууга жардам берүү, ортомчуларсыз акча алуу жана санариптик мүмкүнчүлүктөргө жол ачуу эле.

Банк кызматкерлери катышуучуларга ысык чай, кофе жана жумуштук кийимдерди берип эле койбостон, эң маанилүүсү  — аларды MProfi кызматына каттоону жана аны колдонуу жолдорун үйрөтүштү.

MBANK — Биринчи санарип!
КРУБ №014 лицензиясы