МРассрочка — чоң пландар үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүк
Ири сатып алууларды 24 айга чейин бөлүп төлөө менен тариздеңиз

Артыкчылыктары
Ири сатып алуулар үчүн
Ири сатып алууларды 200 000 сомго чейинки жогорулатылган лимит менен тариздеңиз

24 айга чейин
Сатып алуунун суммасын өзүңүзгө ыңгайлуу мөөнөткө бөлүштүрүңүз

Бардык шарттар алдын ала белгилүү
Тариздөөдөн мурун ай сайын төлөнүүчү сумманы, ашыкча төлөмдү жана жалпы сумманы көрө аласыз

M+ менен МРассрочканын айырмасы эмнеде?

МРассрочканы кантип ачса болот

MBANK колдонмосун ачып, «Бөлүп төлөө» бөлүмүн тандаңыз.

Экрандын жогору жагындагы «МРассрочка» баскычын басыңыз.

«МРассрочканы ачуу» баскычын басып, биринчи сатып алууңузду тариздеңиз.
Көп берилүүчү суроолор
MPассрочка деген эмне?
Мрассрочка - бул товарды же кызматты дароо толук төлөбөстөн, белгилүү бир убакыт ичинде бөлүп төлөп сатып алуу ыкмасы.
Бөлүп төлөөдө ашыкча төлөм барбы?
Шарттарга жараша. Айрым учурда кошумча төлөм болушу мүмкүн.
Бөлүп төлөөнү кайсы максатка пайдалана алам?
Банктын өнөктөштөрү тарабынан көрсөтүлүүчү товарлар жана кызматтар үчүн төлөөгө.
Бөлүп төлөнун мөөнөтү кандай?
Бөлүп төлөө мөөнөтү 9, 12, 18 же 24 ай.
Бөлүп төлөөнү кантип алууга болот?
MBANK тиркемесинин башкы экранынан «Бөлүп төлөө» баскычын тандаңыз. Шарттар менен таанышып, арызды толтуруңуз жана жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдук бериңиз. Ырастоо кодун киргизгенден кийин система сизге бекитилген сумманы эсептейт. Сиз тастыктагандан соң бөлүп төлөө таризделет.
Бөлүп төлөө боюнча каяктан төлөй алам? Кайсы дүкөндөрдөн Бөлүп төлөө боюнча сатып ала алам?
Толук тизме M+/МРассрочка кабинетинде жеткиликтүү. Издөөгө ыңгайлуу болушу үчүн бардык дүкөндөр категорияларга бөлүнгөн, ал эми так даректери соода түйүндөрүнүн жеке баракчаларында көрсөтүлгөн.
Кантип насыяны төлөө керек?
"1. График боюнча төлөө (ай сайын төлөнүүчү төлөм)
Кезектеги айлык төлөмдү төлөө үчүн:
MBANK тиркемесине кириңиз.
M+/МРассрочка бөлүмүнө өтүңүз.
Керектүү бөлүп төлөөнү тандаңыз.
«Төлөө» баскычын басып, төлөмдү ырастаңыз.
Маанилүү: төлөм саат 16:00гө чейин жүргүзүлүшү керек.
2. Мөөнөтүнөн мурда толук төлөө
Эгерде сиз карыздын толук суммасын дароо жапкыңыз келсе:
M+/МРассрочка бөлүмүнө өтүңүз.
Активдүү сатып алууну тандаңыз.
«Жабуу» баскычын басыңыз система калган сумманы көрсөтөт.
Ырастаңыз сатып алуу жабылат.
Сатып алуу квитанциясы кайда?
Ар бир Бөлүп төлөө бетинде сиздин сатып алуунун квитанциясын баскычы бар. ал жерден сиз бөлүп төлөө боюнча квитанцияңызды көрө аласыз.
Товарды кантип кайтарса болот?
Катталган учурдан тартып 14 жумушчу күнгө чейин — 3333 номерине чалыңыз, кызматкерлер өтүнмө түзүп, тийиштүү бөлүмгө өткөрүп беришет.
Эгерде 14 жумушчу күндөн ашык убакыт өтсө — MBANKтын жакынкы бөлүмүнө кайрылыңыз жана траншты жабуу боюнча арыз жазыңыз.
Маанилүү: акча каражаттары өтүнмө каралгандан кийин гана кайтарылышы мүмкүн. Чечим кырдаалга жараша жеке тартипте кабыл алынат.
Мен канча суммага бөлүп төлөө ала алам?
Сиз 15 000 сомдон 200 000 сомго чейин бөлүп төлөөнү тариздей аласыз.
Менде кредиттер бар. Бөлүп төлөөнү тариздей аламбы?
Ооба. Эгерде сизде активдүү кредиттер болсо, Mbank мобилдик тиркемеси аркылуу бөлүп төлөөгө арыз бере аласыз. Ар бир учурда чечим жеке тартипте кабыл алынат жана кредиттик тарыхыңыздын сапатына жана төлөө жөндөмдүүлүгүңүзгө жараша болот
Бөлүп төлөөнү алуу үчүн иш стажы талап кылынабы?
MBANK’та иш стажына карата чектөө жок. Ар бир учурда чечим жеке тартипте кабыл алынат жана кредиттик тарыхыңыздын сапатына жана төлөө жөндөмдүүлүгүңүзгө жараша болот.


