Азыр сатып алып, кийин төлөңүз
Сиздин муктаждыктарыңыз үчүн ыңгайлуу бөлүп төлөө сервиси

M+ артыкчылыктары
Сизге керектүү нерселердин бардыгын бөлүп төлөө
Бөлүп төлөөнү каттап, каалаган нерсеңиздин бардыгын кийинкиге калтырбай алыңыз

Ыңгайлуу төлөө мөөнөтү
Төлөмдү ыңгайлуу үч айга бөлүп, бюджетиңизге ашыкча күч келтирбестен сатып алыңыз

М+ менен арзаныраак
Өнөктөштөрүбүздүн акцияларына көз салып, M+ менен пайдалуураак төлөңүз

Сооданы ыңгайлуу кылыңыз
1000ден ашык товарлар жана кызматтар
1000+ товарлардын ичинен тандап, ыңгайлуу бөлүктөр менен төлөңүз

QR аркылуу тез бөлүп төлөө
Дүкөндөн же онлайн товарды тандап, QR-кодду сканерлеп, график боюнча төлөңүз

M+ менен кайсы жерлерде бөлүп төлөп сатып алса болот?

Электроника, эмерек, кийим - сиз каалаган нерсенин баары
Бензние куюп, бөлүп төлөңүз
MMarket, MTravel жана M+ кошулган бардык жерлерде
Биздин өнөктөштөр
MBANK менен пайдалуу соода кылыңыз
М+ менен кантип бөлүп төлөп сатып алса болот ?

Откройте мобильное приложение MBANK
Откройте MBANK и выберите рассрочку MPlus

Подключите MPlus и выберите сумму
Укажите желаемую сумму и отправьте заявку на рассмотрение

Отсканируйте QR продавца
Выберите партнера из категории или отсканируйте QR
Видео нускама
Көп берилүүчү суроолор
Мага M+ эмне үчүн керек?
M+ менен сатып алган нерсеңиз дароо сиздики болот, ал эми төлөм кийинчерээк ишке ашырылат.
Сиз лимитти каалаган убакта жана каалаганча колдоно аласыз.
M+ аркылуу сатып алуулар үчүн пайыздар кошулбайт.
Сиз сатып алуулар үчүн максималдуу лимит аласыз.
Банктан кошумча өтүнүчтөрсүз же макулдашууларсыз, лимит боюнча жеткиликтүү сумманы каалаган убакта колдоно аласыз
Сатып алууларды төлөө графиги кандай?
Бөлүп төлөөлөрдү жабууга 3 ай берилет
M+ деген эмне?
M+ (же MPlus) — бул MBANKтан пайызсыз жана ашыкча төлөмсүз бөлүп төлөөгө сатып алуулар үчүн кредиттик линия. Сиз банктын өнөктөштөрүнөн товарларды жана кызматтарды төлөө үчүн лимитти колдоно аласыз. Ар бир сатып алууга 3 айдан 12 айга чейин бөлүп төлөө берилет. Бөлүп төлөөнүн пайыздык чени — 0%.
Эмне үчүн пайыз жок? Сиз банкка же сатуучуга пайыз төлөбөйсүз. Ошондуктан, бөлүп төлөөгө сатып алуу ашыкча төлөмсүз ишке ашырылат. Эгерде сиз сатуучу тарабынан баанын жогорулатылышына же кошумча жыйымдарга туш болсоңуз, 3333 номерине кабарлаңыз.
M+'ту мен кандай максаттарга колдоно алам?
Сиз M+'ту Банктын өнөктөштөрүнөн товарларды жана кызматтарды бөлүп төлөө менен сатып алуу үчүн колдоно аласыз
M+'ту колдонуу шарттары
Продукциянын түрү: Кайра калыбына келүүчү кредиттик линия
Колдонуу максаттары: товарларды, кызматтарды жана жеке муктаждыктарды төлөө
Берилүү шарттары: кирешени жана кепилдикти тастыктабастан
Бөлүп төлөө боюнча пайыздык чен – 0%
Бөлүп төлөө мөөнөтү – 3 ай
Лимиттин минималдуу суммасы – 2 000 сом
Лимиттин максималдуу суммасы – 100 000 сом
M+'ту кантип ачса болот?
MBANKтын башкы бетинде "Бөлүп төлөө" баскычын басыңыз. Шарттары менен таанышып чыгыңыз.
Андан кийин "Mплюсту ачуу" баскычын басыңыз.
Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдугуңузду бериңиз жана оферта менен таанышыңыз.
Кредиттик линия үчүн каалаган сумманы көрсөтүңүз.
Сизге SMS аркылуу ырастоо коду келет.
Кредиттик линияны тариздөөнүн шарттарын текшерип, "Ачуу" баскычын басыңыз. * (система сураган учурда, кийинки терезедеги кошумча маалыматтарды толтуруңуз).
Даяр! Сиздин телефон номериңизге келишимге жана линиянын (лимиттин) статусу тууралуу шилтеме келет.
Бул билдирүүнү алгандан кийин, бөлүп төлөөгө сатып алууларды жасай аласыз
M+ менен кантип төлөө/сатып алуу керек?
1-вариант. MBANKтагы М+ кабинети аркылуу
Эгерде сиз өнөктөштүн дүкөнүндө болсоңуз, MBANKтын башкы бетиндеги M+ Бөлүп төлөө кабинетин ачыңыз.
Издөө деген жерден дүкөндү табыңыз (аты же Аты-жөнү/ЖИ боюнча).
Маанилүү! Өнөктөштүн атын кылдаттык менен текшериңиз, анткени окшош аталыштар болушу мүмкүн.Сатып алуу суммасын киргизип, төлөмдү ырастаңыз.
Сатуучуга М+ аркылуу сатып алып жатканыңызды сөзсүз билдириңиз. Төлөгөндөн кийин сатуучуга чекти көрсөтүңүз.
Маанилүү! М+ аркылуу төлөөдөгү баа накталай төлөөдөгүдөй болушу керек. Эгерде сатуучу бааны көтөрсө, 3333 номерине кабарлаңыз.
2-вариант. POS-терминал аркылуу
MBANKты ачып, терминалдагы QR-кодду сканерлеңиз.
"М+ аркылуу төлөө" дегенди тандап, сумманы ырастаңыз.
Сатуучуга М+ аркылуу сатып алганыңызды билдирип, төлөгөндөн кийин чекти көрсөтүңүз.
M+ аркылуу кайсы жерде төлөй алам? M+ аркылуу кайсы дүкөндөрдөн сатып алсам болот?
Дүкөндөрдүн тизмеси M+ кабинетинде жеткиликтүү, ал категорияларга бөлүнгөн. Дүкөндү тандап, анын барагынан дарегин көрө аласыз
M+ аркылуу сатып алууларымды кайдан көрсөм болот?
Бөлүп төлөө менен ийгиликтүү сатып алгандан кийин, алар M+ кабинетинде пайда болот. Сиз суммасы, калдыгы, төлөө мөөнти жана сатып алуунун абалы жөнүндө маалыматты көрө аласыз. Карточканы басуу менен, сиз сатып алуу жөнүндө кошумча маалымат аласыз
Жеткиликтүү лимит
Жеткиликтүү лимит – бул сиз бөлүп төлөө менен сатып алууларга колдоно ала турган, пайдаланылбаган лимиттин бөлүгү
M+ боюнча максималдуу лимит кандай?
M+ боюнча максималдуу лимит 100 000 сомду түзөт
Сатып алууларды төлөө графиги кандай?
Бөлүп төлөөлөрдү жабууга 3 ай берилет
Төлөмдү кантип төлөсө болот?
1. График боюнча төлөө (ай сайын төлөнүүчү төлөм)
Кезектеги ай сайын төлөнүүчү төлөмдү төлөө үчүн:
MBANK колдонмосуна кириңиз.
M+ бөлүмүнө өтүңүз.
Керектүү бөлүп төлөөнү тандаңыз.
"Төлөө" баскычын басып, төлөмдү ырастаңыз.
Маанилүү: төлөм саат 16:00гө чейин төлөнүшү керек.
2. Мөөнөтүнөн мурда толук жабуу
Эгерде сиз дароо бүт сумманы жапкыңыз келсе:
M+ бөлүмүнө өтүңүз.
Активдүү сатып алууну тандаңыз.
"Жабуу" баскычын басыңыз → система калган сумманы көрсөтөт.
Ырастаңыз — сатып алуу жабылат.
3. Жарым-жартылай мөөнөтүнөн мурда жабуу
Эгерде сиз ай сайын төлөнүүчү төлөмдөн көбүрөөк сумманы төлөгөңүз келсе:
https://mbank.kg/early_payment сайтка өтүңүз.
Арызды толтуруңуз (сиздин маалыматтарыңыз жана жарым-жартылай төлөө суммасы менен кыска форманы).
Арызды карап чыгуу убактысы - 1-3 жумушчу күн.
Сатып алуу жөнүндө дүмүрчөк кайда?
Ар бир Бөлүп төлөөнүн барагында баскыч бар, аны басуу менен сиз бөлүп төлөө менен сатып алууңуз тууралуу квитанцияңызды көрө аласыз
Товарды кантип кайтарса болот?
Катталган күндөн тартып 14 жумушчу күнгө чейин — 3333 номерине чалыңыз, кызматкерлер арыз түзүп, тиешелүү бөлүмгө өткөрүп беришет.
Эгерде 14 жумушчу күндөн ашык убакыт өтсө — жакынкы MBANK бөлүмүнө кайрылып, траншты жабуу жөнүндө арыз жазыңыз.
Маанилүү: акча арыз каралгандан кийин гана кайтарылышы мүмкүн. Чечим ар бир кырдаалга жараша жекече кабыл алынат
Бөлүп төлөөнүн мөөнөтүн кантип билсе болот?
Бөлүп төлөөнүн мөөнөтү Бөлүп төлөө барагында жеткиликтүү, аны сиз M+ кабинетинен операцияларыңыздын тизмесинен ача аласыз
Бул кантип иштейт?
Сиз каалаган сумманы көрсөтүп, өтүнмөнү жөнөтүңүз, система аркылуу сиздин өтүнмөңүз иштетилет, сиз ырастагандан кийин бөлүп төлөө жолу менен алынчу сумманын лимити көрсөтүлөт. Бул процесс 5 мүнөткө жетпеген убакыттын ичинде эле жүзөгө ашырылат.
Сизге белгиленген лимитти каалаган учурда колдоно аласыз. Кайсы өнөктөштөрүбүздөн товарларды жана кызматтарды сатып алса болорун M+ жеке кабинетинен көрө аласыз.
Өнөктөштөрүбүздөн товар же кызмат сатып алыш үчүн жөн гана M+ кабинетин ачасыз да, дүкөндү тандайсыз, андан соң товардын же кызматтын баасын белгилеп, сатып алууну ырастайсыз. Ал эми система аркылуу автоматтык түрдө сиздин лимитиңизден тийиштүү сумма алынып, сатуучуга төлөнөт.
Андан кийин сиз сатылып алынган товар же кызмат үчүн белгиленген мөөнөттө жана күн тартипте төлөмдү жаба аласыз. Бул тууралуу көбүрөөк маалыматты «Сатылып алынгандар» деген бөлүмдөн таба аласыз
Товарларды кийинкиге калтырбай, азыр сатып алыңыз.
Жашооңузду жеңил жана пайдалуу кылуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз
QR кодду сканерлеп, M+ кызматына өтүңүз
