Топтолмо
Топтолмо аманаты — толуктоо жана жогорку чен менен

Сакталган акчаңызды пайдалуу көбөйтүңүз
Сиздин максаттарыңызга ылайык мөөнөт
Депозит ачуу үчүн минималдуу сумма
Капитализация менен же капитализациясыз — тандооңуз боюнча
Депозитти каалаган убакта толуктаңыз — чөнтөккө акча чогулткандай
Капитализацияны тандоо — кардардын каалоосу боюнча
Депозитти MBANK тиркемесинде бир нече мүнөттө ачыңыз
Шарттар менен таанышыңыз
* Пайыздык чендер эквивалентте 100 млн сомго чейин болгон суммага колдонулат. Андан жогору сумма үчүн шарттар жеке тартипте каралат, срочндуу депозиттерден тышкары — аларга 0,05% жылдык чен колдонулат.
* Пайыздык чендер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Банк тарабынан өзгөртүлүшү мүмкүн.
* Жылдык эффективдүү пайыздык чен сом менен 13,24%га чейин, АКШ доллары менен 1%га чейин, евро менен 0,5%га чейин, рубль менен 6,17%га чейин
Кирешеңизди эсептеңиз
0 KGS
0 %
Депозит ачуу — оңой
MBANK тиркемесин ачыңыз
“Депозиттер” бөлүмүнө өтүңүз
Депозиттин түрүн тандаңыз
Шарттарды тандап, “Ачуу” баскычын басыңыз

1 000 000 сомго чейинки депозиттер Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан камсыздандырылган
ААК «Мбанк» Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо тутумунун катышуучусу болуп эсептелет
Документтер
Жеке жакты
Көп берилүүчү суроолор
Ким депозит ача алат?
Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери болгон жарандар
Депозиттеги каражаттар кантип корголот?
Депозиттеги каражаттар Кыргыз Республикасынын Депозиттерди коргоо агенттиги тарабынан 1 миллион сомго чейин камсыздандырылган
Жеке пайыздык чендерди кароо мүмкүнчүлүгү барбы?
Ооба, биз салымчы менен жеке пайыздык чендер боюнча маселени карап чыга алабыз
Банкка келбей туруп депозит ачууга жана толуктоого болобу?
Албетте, сиз MBANK колдонмосунун «Депозиттер» бөлүмүндө депозит ачып, аны башкара аласы
Салымдын бир бөлүгүн алуу мүмкүнбү?
Жок, салымдын бир бөлүгүн алуу каралган эмес
Мөөнөтүнөн мурда бузуу болгондо эмне болот?
Эгер депозит кардардын демилгеси менен мөөнөтүнөн мурда жабылса, эсептелген бардык пайыздар жокко чыгарылат жана төлөнбөйт.