
Виртуалдык Visa карталары
Жазылууларды жана онлайн сатып алууларды төлөңүз

Артыкчылыктары
MBANK, Umay, Onoi өнөктөш терминалдарынын тармагында акысыз толуктоо
*Эгерде бир айдын ичинде толуктоонун жалпы суммасы 100 000 (жүз миң) сомдон ашса - комиссия суммасынан 1%
Карта пластикке караганда коопсузураак, картаңыздын номерин же CVV кодун эч ким көрбөйт. Ошондой эле онлайн төлөмдөрдү жүргүзүүдө пластикалык банктык картаңыздын реквизиттерин ишенимсиз жерге “калдырып” калуу коркунучун азайтат
Виртуалдык карта менен сиз интернет-дүкөндөрдөн, анын ичинде чет өлкөлүк дүкөндөрдө сатып алуулар үчүн, ошондой эле каалаган кызматтарга (Yandex, Netflix, IWI, iTunes ж.б.) жазылуулар үчүн ыңгайлуу төлөй аласыз
Картаны Кыргызстандын жараны MBANK аркылуу дүйнөнүн каалаган жеринен Банктын кеңсесине барбастан чыгара алат. Виртуалдык Visa картасы бир нече секунданын ичинде заматта чыгарылат – анын жеткирилишин күтүүнүн кереги жок, аны дароо колдоно баштасаңыз болот
Тарифтер
Эрежелер
Банкоматтар
Кантип бир нече секунданын ичинде виртуалдык картаны алууга болот

MBANK'ты жүктөп алыңыз:

MBANK'ка кириңиз. Негизги бетте «Жаңы өнүмдү ачуу» баскычын басыңыз

«Виртуалдык картаны» тандаңыз

Кыскача маалымат менен таанышып, «Картаны чыгаруу» баскычын басыңыз

Валютаны тандап, тарифтер менен таанышыңыз. Андан соң «Алуу» баскычын басыңыз

Бир-эки секунд күтө туруңуз, сиздин картаңыз даяр болот

Карта дароо MBANK'та чыгарылат жана колдонууга жеткиликтүү болот

Банк картанын реквизиттерин жана CVV/CVC кодун SMS аркылуу жөнөтөт

Виртуалдык картанын калган маалыматтары MBANK'та сакталат жана сиз гана көрүү үчүн жеткиликтүү

Эгерде SMSти убакыттын өтүшү менен жоготуп алсаңыз, каалаган убакта MBANK аркылуу кайра жөнөтүү мүмкүнчүлүгү менен колдонсоңуз болот