Cуроолор жана жооптор
Чыгаруу баасы — 15 000 сом (биринчи жылкы тейлөө киргизилген).
2 000 сомго чейин (минимум 100 сом).
- Жүктүн жоголушу/бузулушу — $3 000 чейин (бир жүк үчүн максимум $625)
- Жүктүн кечигиши (4 сааттан ашса) — $500
- Сапардын жокко чыгарылышы же кыскарышы — $7 500 чейин
- Сапардын кечигиши (4 сааттан ашса) — $500
- Транзиттик каттамды өткөрүп жиберүү — $500
- Сапар учурундагы кырсык — $500 000 чейин
- Медициналык чыгымдар жана шашылыш эвакуация — $500 000 чейин
- Жардам көрсөтүү кызматы — жеткиликтүү
- Ооруканага жатуу — күнүнө $100
- Уникалдуу артыкчылык — франшизанын жоктугу жана бир жолку төлөм түрүндөгү компенсация
Mastercard Restaurant Offers — бул аэропорттогу ресторандардагы арзандатуулар жана атайын сунуштар программасы. Программага тез арзандатуулар, акысыз сунуштар жана тамактануу ваучерлери кирет:
- Арзандатуулар — 10%дан 25%га чейин
- Ваучерлер — £15 / $20 өлчөмүндө
- Дүйнө боюнча 1000ден ашык ресторанда жеткиликтүү
- 3% — дүкөндөрдөгү сатып алуулар үчүн (POS-операциялар);
- 3% — интернет аркылуу сатып алуулар үчүн (E-commerce);
- 7% — МСС 5094 категориясындагы (зер буюмдары) сатып алуулар үчүн.
LoungeKey премиум карталардын ээлерине, тейлөө классына жана авиакомпанияга карабастан дүйнө жүзү боюнча аэропорттордун бизнес-залдарына кирүү мүмкүнчүлүгүн берген лоялдуулук программасы.
LoungeKey’ге кирүү боюнча нускама:
- LoungeKey тиркемесин көчүрүңүз же www.loungekey.com сайтына кириңиз.
- Mastercard World Elite картаңыздын маалыматтарын көрсөтүп, катталыңыз.
- Аэропорттогу эң жакын бизнес-залды табыңыз.
- Кирүүдө картаңызды же тиркемедеги QR-кодду көрсөтүңүз.
- LoungeKey — бизнес-залдарга кирүү үчүн
- Mastercard Travel Experiences — Fast Track жана Restaurant Offers кызматтарын брондоо үчүн
- Flexiroam — дүйнөлүк интернетке туташуу үчүн
Бардык тиркемелер App Store жана Google Play аркылуу жеткиликтүү.
Mastercard World Elite картасына MBANKтын бардык бөлүмдөрүнөн буйрутма берсеңиз болот.
Биздин адистер карта валютасын (KGS / USD / EUR) тандоого, арыз толтурууга жана чыгарууну даярдоого жардам беришет.
Картаны чыгаруу 3 - 5 иш күнгө чейин созулат.
Картанын даяр экендиги жөнүндө билдирүү SMS аркылуу же MBANK тиркемесинде келет.
Карта сизге жана үй-бүлөңүзгө глобалдык камсыздандыруу берет.
Камсыздандырууга төмөнкүлөр кирет:
-
Медициналык чыгымдарга чейин 500 000 USD
-
Тез эвакуация жана репатриацияга чейин 500 000 USD
-
Кырсыкка каршы камсыздандыруу 500 000 USD чейин
-
Жүк жоголгон учурда, учак кечигүүдө же сапар жокко чыкканда компенсация
-
Ооруканга жаткырылган учурда акчалай жардам — күнүнө 100 USD
-
Жубайлар, балдар, үй жардамчысы, ошондой эле келген ата-энелер жана балдар үчүн камтуусу
-
Камсыздандыруу дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Шенген зонасына кирген өлкөлөрдө иштейт
Flexiroam — бул SIM-картаны алмаштыруунун кереги жок, 200дөн ашык өлкөдө интернетке туташууга мүмкүнчүлүк берген глобалдык eSIM провайдери.
Кантип активдештирүү керек:
-
Flexiroam тиркемесин жүктөп алыңыз (App Store / Google Play).
-
Mastercard сунушун тандап, картаңыздын маалыматтарын киргизиңиз.
-
eSIMди активдештирип, 15 күнгө 3 ГБ акысыз маалымат алыңыз.
-
Зарыл болсо, кошумча пакеттерди 15% арзандатуу менен сатып алыңыз.
Сиздин жубайыңыз 100% камсыздандырылса, балдарыңыз жана үй жардамчыңыз — 25% камсыздандырылат. Камсыздандыруу ошондой эле конокко келген ата-энелерге жана балдарга да тиешелүү.








