ky
image
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
image
ky

Сиздин картаңыз — сиздин эрежелериңиз. MBANK’та жаңы мүмкүнчүлүктү тосуп алыңыз!

Картаңыздын дизайнын бир нече баскыч менен өзгөртүңүз. Колдонмодон ачык түстөгү дизайндарды тандап, Apple Pay жана Google Pay аркылуу ар бир төлөмдө өзгөчөлөнүңүз.

Картаңыз үчүн көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр

Өз стилиңизди тандаңыз

Стандарттуу дизайнды маанайыңызга, стилиңизге же өзгөчө окуяга ылайыктуу дизайнга алмаштырыңыз.

Өз стилиңизди тандаңыз

Бир дизайн — бардык жерде

Жаңы дизайн MBANK’та, Apple Pay жана Google Pay'де көрсөтүлөт.

Бир дизайн — бардык жерде

Бир нече баскыч менен өзгөртүңүз

Жаңы дизайнды түз эле колдонмодон тандаңыз — картаны кайра чыгаруунун жана филиалга баруунун кереги жок.

Бир нече баскыч менен өзгөртүңүз

Жаңы дизайн — 4 кадамда

1

MBANK колдонмосун акыркы версиясына чейин жаңыртыңыз.

2

«Менин банкым» бөлүмүнө кирип, керектүү картаны тандаңыз.

3

«Картанын дизайнын өзгөртүү» баскычын басыңыз.

4

Өзүңүзгө жаккан дизайнды тандап, «Сактоо» баскычын басыңыз.

Көп берилүүчү суроолор

Картанын санарип дизайны деген эмне?

Бул — MBANK мобилдик колдонмосунда жана санарип капчыктарда (Apple Wallet / Google Wallet) картаңыздын сырткы көрүнүшүн өзгөртүүчү визуалдык жасалгалоо.

50% считают ответ полезным

Ответ был полезным?

Пластик картам өзгөрөбү?

Жок. Пластик картаңыз мурдагыдай эле калат. Смартфондун экранындагы санарип дизайны гана өзгөрөт.

50% считают ответ полезным

Ответ был полезным?

Дизайнды өзгөрткөндө картанын реквизиттери өзгөрөбү?

Жок. Картанын номери, жарактуу мөөнөтү, CVV-коду, балансы жана тейлөө тарифтери өзгөрүүсүз калат. Болгону картанын сырткы көрүнүшү гана өзгөрөт.

0% считают ответ полезным

Ответ был полезным?

Жаңы дизайн Apple Pay / Google Pay аркылуу төлөгөндө көрүнүп турабы?

Ооба, дизайн бардык жерде жаңыртылат. Картанын жаңы көрүнүшү MBANK мобилдик колдонмосунда да, Apple Wallet / Google Wallet санарип капчыктарында да чагылдырылат.

0% считают ответ полезным

Ответ был полезным?

Санарип дизайнды өзгөртүү акы төлөнүүчү кызматпы?

Тандалган категорияга жараша болот. Кардарлар үчүн акысыз коллекциялар да, акы төлөнүүчү эксклюзивдүү дизайндар да жеткиликтүү.

0% считают ответ полезным

Ответ был полезным?

Дизайнды өзгөртүүгө чектөө барбы?

Акысыз категориялар үчүн чектөө каралган: бир жумада дизайнды 5 жолу акысыз өзгөртүүгө болот. Белгиленген чектен ашкан ар бир кийинки өзгөртүү үчүн 5 сом өлчөмүндө комиссия алынат. Ал эми акы төлөнүүчү категорияларда дизайнды өзгөртүүнүн санына чектөө жок.

0% считают ответ полезным

Ответ был полезным?

Акы төлөнүүчү дизайнды сатып алгандан кийин эмне болот?

Сатып алынган дизайн автоматтык түрдө «Менин коллекциям» бөлүмүндө сакталат. Кийин кардар аны кошумча төлөмсүз эле картасына кайра колдоно алат.

0% считают ответ полезным

Ответ был полезным?