ky
Жеке жактарга
Бизнеске
MAcademy
Кантип катышса болот?
1
Visa MBANK Gold картасынын ээси болуу
Же болбосо MBANK тиркемеси аркылуу бир-эки баскыч менен заказ кылуу
2
Visa MBANK Gold картасы менен 1000 сомдон жогору суммада төлөө
Кыргызстандагы POS-терминалдар жана/же интернет-эквайринг аркылуу
3
Ар кандай категорияларда төлөмдөрдү жүргүзүү
Кафелер, дүкөндөр, май куюучу жайлар, дарыканалар, ар кандай онлайн-сервисдер ж.б.
4
Ар бир төлөм — сыйлыкка бир кадам жакындатат!
Төлөмдөр канчалык активдүү жана категориялар канчалык көп болсо, жеңүү мүмкүнчүлүгү ошончо жогору
Башкы сыйлык — эки кишиге Барселонага саякат, төмөнкүлөрдү камтыйт:

Учуу
Барселонага учуу жана кайра кайтуу — максималдуу ыңгайлуулук жана ар бир учурга кам көрүү менен
Жайгашуу
Барселонанын борборундагы беш жылдыздуу Nobu мейманканасы — кемчиликсиз сервис, даамдуу тамактар жана дүйнөлүк деңгээлдеги СПА менен ырахаттануу
Саякаттык тур
Барселонанын сырына чөмүлүңүз: Саграда Фамилия, Ла Педрера, Парк Гуэль, Камп Ноуда иммерсивдик саякат жана ФК «Барселона» оюнунун жандуу эмоциялары
Жалпы маалымат
Акциянын мөөнөтү: 01.11.25 – 20.12.25
Жеңүүчүнү аныктоо: 12.01.2026га чейин
Барселонага саякат: 2026-жылдын февраль айы
Башкы сыйлык эки кишиге арналат: жеңүүчү + 1 адам
Көп берилүүчү суроолор
Акцияга кантип катышса болот?
Жөн гана Visa MBANK Gold картасы менен 1000 сомдон жогору суммага товар же кызмат үчүн төлөңүз — дүкөндөрдө же онлайн түрүндө, Кыргызстан боюнча.
Катышуу автоматтык түрдө жүргүзүлөт.
Акцияга кимдер катыша алат?
Акцияга 18 жаштан жогору, Кыргыз Республикасынын резиденти болгон жана MBANK мобилдик колдонмосунда толук идентификациядан өткөн Visa Gold (анын ичинде Instant) картасынын ээлери катыша алышат.
Жеңүүчү кантип аныкталат?
Жеңүүчү — акция мезгилинде Visa MBANK Gold картасы менен эң көп нактасыз төлөмдөрдү жасаган катышуучу.
Эске алынуучу операциялар:
- Бир төлөмдүн суммасы кеминде 1000 сом;
- Ар кандай MCC категорияларында жүргүзүлгөн төлөмдөр;
- Ар бир MCC-категория боюнча жалпы сумма 100 000 сомдон ашпоого тийиш.
Кайсы операциялар эсепке алынбайт?
• QR-код аркылуу төлөмдөр;
• Акча которуулар, эсебин толтуруу, накталай алуу;
• Кыргызстандын чегинен тышкаркы сатып алуулар;
• Чектелген MCC-коддор боюнча төлөмдөр (коммуналдык кызматтар, салык, кумар оюндар ж.б. — толук тизме акциянын эрежелеринде көрсөтүлгөн).
Акцияга катышуу үчүн катталуу керекпи?
Жок. Эгер сиз талаптарды аткарсаңыз — автоматтык түрдө катышуучуга айланасыз.
Кайсы MCC-коддор эсепке алынаарын кантип билсе болот?
Эске алынуучу жана четтетилген MCC-коддордун тизмеси MBANK расмий сайтында жана мобилдик колдонмодо жайгаштырылган.
Visa MBANK Gold картасын эми эле ачсам, акцияга катыша аламбы?
Ооба. Эгер картаны азыр ачып, талаптарга ылайык төлөм жасасаңыз — акцияга автоматтык түрдө кошуласыз.
Акциянын жыйынтыктарын кайдан билсе болот?
Жеңүүчүлөр тууралуу маалымат MBANKтын расмий баракчаларында жарыяланат.
Эгер сатып алуу кайтарылган болсо (refund)?
Кайтарылган, жокко чыгарылган же сторнирланган операциялар эсепке алынбайт.
MCC-код деген эмне?
Бул соода түйүнүнүн өзгөчө коду — товар же кызматтын түрүн аныктайт.
Мисалы: супермаркет, кафе, дарыкана ж.б.
Эсепке уруксат берилген MCC-коддордогу сатып алуулар гана алынат.
Сыйлыкты акчага алмаштырса болобу?
Жок. Сыйлык акчага алмаштырылбайт жана компенсация берилбейт.
Менин сатып алуум эсепке алынганын кантип билем?
Бардык авторизациядан өткөн операциялар эсепке алынат.
Жөн гана сатып алуу MBANK колдонмосундагы операция тарыхында көрүнүшү жетиштүү.
Эгер утуп алып, Барселонага бара албасамчы?
Эгер жеңүүчү сапардан баш тартса, сыйлык кийинки катышуучуга өткөрүлөт жана акчалай эквивалентке алмаштырылбайт.

