Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
MBANK Apple Pay кызматын Кыргызстанда ишке киргизгени үчүн Visa компаниясынын сыйлыгына ээ болду!
MBANK Apple Pay кызматын Кыргызстанда ишке киргизгени үчүн Visa компаниясынын сыйлыгына ээ болду!

Төлөм тармагындагы дүйнөлүк лидер Visa компаниясы MBANK'ты ардактуу сыйлык менен сыйлады. Банк MBANK колдонмосунда Apple Pay кызматын ийгиликтүү ишке киргизгени жана Кыргызстанда санарип технологияларды өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн сыйланды.
Расмий сыйлык MBANK'тын заманбап каржылык инфраструктураны түзүүдөгү лидерлигин дагы бир жолу тастыктады. Apple Pay кызматынын ишке кириши менен миңдеген кыргызстандыктар сатып алууларды төлөөнүн эң заманбап, эң тез жана эң коопсуз ыкмасына ээ болушту.
Сыйлыкты Visa компаниясынын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча вице-президенти жана аймактык менеджери Санжар Сулейманов тапшырды. Ал эми MBANK тараптан сыйлыкты чекене сегменттин санариптик өнүктүрүү департаментинин директору Алмазбек Мамырбаев кабыл алды.
«Visa компаниясынан алган бул сыйлык биздин команда үчүн туура багытта баратканыбыздын далили. Биздин негизги максатыбыз — MBANK кардарларына эң мыкты колдонуучу тажрыйбасын тартуулоо. Apple Pay көптөн күткөн кызматтардын бири болуп, күнүмдүк төлөмдөрдү заматта жана коопсуз жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берди. Биз Кыргызстандагы санарип банкингди дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу үчүн мындан ары да иштей беребиз», — деди Алмазбек Мамырбаев.
Эске салсак, Apple Pay кызматы MBANK'та 28-июлдан тартып жеткиликтүү. Эми MBANK, MBusiness жана MIslamic карталарынын ээлери сатып алууларын iPhone же Apple Watch аркылуу төлөй алышат. Бул үчүн түзмөктү жөн гана төлөм терминалына жакындатуу жетиштүү.
Apple Pay аркылуу жүргүзүлгөн ар бир төлөм ишенимдүү корголот: картаңыздын маалыматтары түзмөктө сакталбайт жана сатуучуга берилбейт, ал эми төлөм Face ID, Touch ID же түзмөктүн сырсөзү аркылуу ырасталат.
MBANK — биринчи санарип. Кыргызстанда түзүлгөн!
КР Улуттук банкынын №014 лицензиясы.