АКШ долларынын төлөмдөрүндө боло турган өзгөрүүлөр тууралуу маанилүү билдирүү

22 Аяк оона 2023

Урматтуу MBANK кардарлары,

Сиздерге 2023-жылдын 6-октябрында күчүнө кире турган KB Kookmin Bank (SWIFT: CZNBKRSE) аркылуу АКШ долларында чыгуучу төлөмдөргө карата пландаштырылган өзгөртүүлөр тууралуу маалымдайбыз.

АКШ доллары менен чыгуучу төлөмдөр KB Kookmin Банкынын корреспонденттик тармагында жайгашкан алуучу банктарга гана чектөө менен кабыл алынат. Бул чектөөлөр банк-корреспондент KB Kookmin Банктын АКШ доллары менен чыгуучу төлөмдөргө карата саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу киргизилген.

Корреспондент-банктардын тизмесинен тышкаркы алуучу банктарга чыгуучу төлөмдөр аткарууга кабыл алынбайт. KB Kookmin Банкынын корреспонденттик тармагына кирген алуучу-банктардын тизмелери боюнча консультацияны MBANKтын каалаган филиалынан алса болот.

Сизге АКШ доллары менен чыгуучу төлөмдөрдү көрсөтүлгөн тизмеге ылайык пландаштырууну жана аталган тизмеге кирбеген алуучу банктарга АКШ доллары менен төлөмдөрдү баштоодон качууну сунуштайбыз.

Ошондой эле, MBANK АКШ доллары менен төлөмдөрдү башка банк-корреспонденттер аркылуу жана башка MBANK корреспондент-банктарынын корреспонденттик түйүндөрүнө кирген алуучу-банктардын чектелген тизмесине жөнөтсө болорун маалымдайт. Бул тизмелерди тактоо үчүн биз MBANKтын кардарларынан банктын бардык бөлүмдөрүндөгү кардарларды тейлөө менеджерлери менен байланышууну суранабыз.
 

MBANK сиздин максималдуу ыңгайлуулугуңуз үчүн иштөөнү улантууда жана АКШ долларында өзүнүн корреспонденттик тармагын кеңейтүү үчүн тынымсыз иштеп жатат.