ky
image
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
MAcademy
image
ky

MBANKта Visa компаниясынын топ-менеджменти менен жолугушуу өттү: негизги жыйынтыктар жана өнүгүү пландары

20 Беш оона 2026

2026-жылдын 20-августунда MBANK'та «МБанк» ААКтын Башкармалыгынын төрагасы Максатбек Ишенбаев менен эл аралык Visa төлөм системасынын жаңы дайындалган улук вице-президенти жана аймактык менеджери Сергей Мартынчук менен жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстанда санарип төлөм чечимдерин өнүктүрүү, накталай эмес которуулардын инфраструктурасын өркүндөтүү, токенизация кызматтарын өнүктүрүү, ошондой эле аймактын каржылык-технологиялык секторунун киберкоопсуздугун күчөтүү маселелерин талкуулашты.

Visa компаниясынын топ-менеджери Кыргызстанды аймактагы эң амбициялуу жана динамикалуу өнүгүп жаткан рыноктордун бири деп атап, компания бул жерде инновациялык чечимдерди пилоттук негизде ишке киргизүүгө умтуларын белгиледи. Ошондой эле тараптар тажрыйба алмашуу маселесин талкуулашты: Visa Кыргызстанда өнүмдөрдү ишке ашыруу үчүн башка өлкөлөрдүн мыкты эл аралык тажрыйбаларын жана эксперттик билимин сунуштоону пландап жатат.

MBANK Visa менен стратегиялык өнөктөштүктү улантууга берилгендигин жана банктын кардарлары үчүн заманбап төлөм куралдарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталган жаңы долбоорлорду биргелешип ишке ашырууга даяр экенин ырастады.

Маалымат үчүн:

Сергей Мартынчук — КМШ, Борбордук Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн технологиялык жана каржылык секторлорунда башкаруучулук иш боюнча дээрлик 20 жылдык тажрыйбасы бар топ-менеджер. Ал Visa компаниясынын улук вице-президенти жана аймактык менеджери кызматын ээлеп, Украина, Молдова, Борбордук Азия, Кавказ жана Түштүк-Чыгыш Европа өлкөлөрүн камтыган 17 өлкөдөн турган макроаймактык кластерди жетектейт. Visa компаниясына келгенге чейин Cisco компаниясында 15 жылдан ашык иштеп, компаниянын Украинадагы кеңсесин жетектеген. Visa компаниясында санарип төлөм чечимдерин, накталай эмес которуулардын инфраструктурасын, токенизация жана биометрикалык төлөмдөрдү, ошондой эле аймактын каржылык-технологиялык секторунун киберкоопсуздугун өнүктүрүүгө жооп берет.

MBANK — биринчи санарип. Кыргызстанда түзүлгөн!

КРУБ №014 лицензиясы