Glovo жана «Кыргыз Коммерц банк» системаларындагы техникалык катачылык

Кымбаттуу кардарлар!
Glovo жана алардын эквайер-банкы «Кыргыз Коммерц банк» тараптан техникалык мүчүлүштүк болду. Бул биздин 1200 кардарыбызда туура эмес транзакциялардын — каражаттын алынуусу жана кайтарылуусунун — пайда болушуна алып келди.
Биз ыкчам жана жоопкерчиликтүү чара көрүп, дароо «Кыргыз Коммерц банк» жана Glovo менен байланыштык, кардарларыбыз үчүн тобокелдикти азайтуу максатында ашыкча түшкөн суммалар бөгөттөлдү, каражаттарды кайтаруу процессин көзөмөлгө алдык.
Бардык туура эмес операциялар — каражаттын алынуусу жана кайтарылуусу — 2 күндүн ичинде жөнгө салынат.
Кардарлардын коопсуздугу — биздин артыкчылыгыбыз.
MBANK ар бир кардар үчүн иш алып барат. Сиздердин ишенимиңиздер жана сабырыңыздар үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Урматтоо менен,
MBANK командасы