Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
Кыргызстандын Банктар союзу MBANKтын 40 кызматкерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады
Кыргызстандын Банктар союзу MBANKтын 40 кызматкерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады

Кыргызстандын Банктар союзу MBANKтын 40 кызматкерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады
MBANKта 27-августта кызматкерлерди салтанаттуу сыйлоо аземи өттү. Сыйлыктарды «Кыргызстандын Банктар союзунун» коомдук юридикалык бирикмесинин президенти жана «Мбанк» ААК башкармалыгынын төрагасы Максатбек Ишенбаев тапшырды.
Кыргызстандын Банктар союзу сыйлыктарды жылына эки жолу — 10-майдагы Банкирлер күнүнө жана 31-августтагы Эгемендүүлүк күнүнө карата тапшырат. Ар бир банк үчүн сыйлыктардын саны кызматкерлердин штаттык санына жараша квота менен бөлүштүрүлөт.
Быйыл банктын мыкты кызматкерлери үч категория боюнча сыйланышты. Ар бирине ыраазычылык кат, компаниянын фирмалык мерчи жана MMarket’ке сертификат тапшырылды.
Быйыл MBANKка 40 квота бөлүндү:
- 35 ыраазычылык кат;
- 4 Ардак грамота;
- 1 «КБСтин мыктысы» төш белгиси.
«КБСтин мыктысы» төш белгиси — эң сейрек берилүүчү сыйлык. Кыргызстанда жалпысынан 23 банк бар, бирок бул төш белги боюнча квота алардын 10уна гана каралган — ар бир банкка бирден ашык эмес.
Быйыл бул сыйлык MBANKтын Кредиттөө департаментинин директору Бекболот Сатыбалдиевге тапшырылды.
Сыйлыктын ар бир баскычы Кыргызстандагы банк тармагында белгилүү бир иш стажын талап кылат:
- ыраазычылык кат — 5 жыл үзгүлтүксүз эмгек стажы (стаж өлкөдөгү ар башка банктарда топтолушу мүмкүн);
- Ардак грамота — 10 жыл үзгүлтүксүз эмгек стажы жана буга чейин ыраазычылык кат алган болуу;
- «КБСтин мыктысы» төш белгиси — 15 жыл үзгүлтүксүз банктык стаж жана буга чейинки эки сыйлыкка ээ болуу.
Белгилей кетсек, КБСтин президенти «КБСтин мыктысы» төш белгиси тапшырылган учурларда гана сыйлык тапшыруу аземине жеке өзү келет.
MBANK — биринчи санарип. Кыргызстанда жасалган!
КР УБнын лицензиясы №014.