MBusiness'тин 8–9-августтагы иш тартиби: маанилүү маалымат

MBusiness'тин 8–9-августтагы иш тартиби: маанилүү маалымат
Алдыдагы дем алыш күндөрү MBusiness аркылуу төлөм операцияларын жүргүзүүдө төмөнкү өзгөчөлүктөргө көңүл буруңуз:
• Чыгуучу төлөмдөр
MBANK эсептерине которууларды, төлөмдөрдү жөнөтө аласыз. Бирок каражаттардын иш жүзүндө эсепке түшүшү жана отчеттордо чагылдырылышы 10-августта жүргүзүлөт.
• QR аркылуу төлөмдөр
QR-код аркылуу төлөмдөр кабыл алынат. Бирок каражаттардын эсепке түшүшү жана операциялардын отчеттордо көрүнүшү 10-августта гана болот.
• Кредиттер жана валюта алмаштыруу
Дем алыш күндөрү бул кызматтар жеткиликсиз болот. Алар техникалык жаңыртуу аяктагандан кийин кайра иштей баштайт.
• MKassa колдонмосунда каражат чыгаруу
8 жана 9-августта MKassa колдонмосу аркылуу каражат чыгаруу убактылуу жеткиликсиз болот.
Ишенимиңиздерди абдан баалайбыз жана түшүнүү менен кабыл алгандыгыңыз чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз!