ky
close icon
image
search icon
burger icon
close icon
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
MAcademy
image
ky
search icon

Түркияга онлайн которуулар — MBANK аркылуу бир нече баскычта

20 Беш оона 2025

Саякат, бизнес, окуу же жакындарды колдоп кубандыруу — эми бул иштерди тезирээк ишке ашырса болот. MBANK колдонмосу аркылуу Түркияга акчаларды ылдам жана коопсуз жөнөтүңүз.
Которуулар эл аралык төлөм системасы UPT аркылуу жүргүзүлөт.

Эгер сиз акчаны Түркияга жөнөтүп жатсаңыз:
Которуу доллар менен жүргүзүлөт, бирок алуучунун эсебине Түрк лирасы түрүндө түшөт.

Иштин жүрүшү:

1. MBANK колдонмосун ачуу

2. “Төлөмдөр” бөлүмүнө кирүү

3. “Которуулар” баскычында “Түркияга которуулар” бөлүмүн тандаңыз

4. Которуу түрүн тандаңыз: банк эсебине же карта номуру аркылуу

5. Алуучунун реквизиттерин киргизип, которуу суммасын лира менен көрсөтүңүз

6. “Которууну түзүү” баскычын басыңыз

Бир жолку которуу суммасы 10 000 доллардан же 350 000 Түрк лирасынан ашпоого тийиш.
Которуу комиссиясы — 0,70%
Которуу ийгиликтүү аяктагандан кийин, аны кайра кайтаруу мүмкүн эмес

Эгер сиз Түркиядан которуу алып жатсаңыз:


Жөнөтүүчүгө MBANK менен байланыштырылган телефон номуруңузду же карта номуруңузду айтыңыз. Каражатты алуу үчүн жеткиликтүү валюталар: сом, евро, рубль же АКШ доллары.

MBANK — Биринчи санарип!

КРУБ №014/1 лицензиясы.