MBANK Кыргызстанда iPhone менен контактсыз төлөмдү биринчилерден киргизди

23 Үчтун айы 2024

Биз контактсыз төлөм үчүн жаңы төлөм куралын сунуштайбыз – NFC стикерлери. 
Жаңы технология банк картасын алып жүрбөстөн терминал бар жерде iPhone аркылуу сатып алуулар үчүн тез жана контактсыз төлөөгө мүмкүнчүлүк берет. 

NFC-стикери MBANK Premium банк картасынын кичирейтилген версиясы.

Аны дүкөндөрдө, кафелерде жана ресторандарда төлөөгө, ошондой эле NFC белгиси менен банкоматтардан накталай акча алууга болот. Стикерди смартфонго чаптаса болот. Төлөөдө жөн гана смартфоңузду терминалга тийгизиңиз. 

Бул инновациялык функция MBANK Premium картасынын ээлери үчүн жеткиликтүү.

MBANK Premium негизги артыкчылыктары:

  • Премиалдуу тейлөө:
  • MBANK Premium эффективдүүлүктү жана кылдат көңүл бурууну айкалыштырган жекече тейлөө деңгээлин камсыз кылат;
  • Сарптаганыңызда да үнөмдөңүз. Бардык накталай эмес сатып алуулар үчүн 2% кешбэк алыңыз;
  • Лоялдуулук программасында Платина деңгээлиндеги эксклюзивдүү артыкчылыктардан ырахат алыңыз. MBANK QR аркылуу төлөөдө 10% кешбэк алыңыз;
  • Жылына 2 жолу аэропорттордо ыңгайлуу шарттарда акысыз эс алыңыз;
  • Биз саякаттоодо дагы сиздин коопсуздугуңузга кам көрөбүз. Пакетиңиздин ичинде аба камсыздандыруу да бар;
  • Сиз саякаттап жатканда сиздин жүгүңүз акысыз таңгакталат — жылына 2 жолу;
  • 24 сааттык консьерж сиздин көрсөтмөлөрүңүздүн баарын аткарат;
  • MBANK TV акысыз катталып кыргыз тилиндеги эксклюзивдүү видеоконтенттерден пайдаланыңыз;
  • 1 жумуш күн ичинде чыгаруу жана жеткирип берүү кызматы.


Жылдык тейлөөнүн баасы 6000 сомду түзөт.
*Картаны буюртма берүүдө жылдык тейлөө дароо алынат.

MBANK Premium картасын онлайн буюртма берүүгө болот. 

MBANK Premium — Сиз гана үчүн!