Кардарлардын көңүлүнө: техникалык жагдайлардын себебин түшүндүрөбүз

Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 10-майындагы № 83 «Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө» Мыйзамынын жаңы талаптарын аткаруу максатында ААК«Коммерциялык Банк Кыргызстан» | MBANK процессинг борборун өлкөгө көчүрдү.
Процессингдик борбордун миграциясына байланыштуу кыска мөөнөттүү техникалык кыйынчылыктар жана MBANK тиркемесин жана QR төлөмдөрүн алууда кыйынчылыктар жаралышы мүмкүн.
Ошол эле учурда жаңы процессинг борборуна өтүү сервисти жакшыртууга жана иштин натыйжалуулугун камсыздоого мүмкүндүк берет.
Банктын адистери кардарларга минималдуу таасири менен тез ыңгайлашуу үчүн бардык керектүү тапшырмаларды аткарышат.
Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана түшүнгөнүңүз үчүн рахмат.
Суроолор боюнча банктын байланыш борборуна 3333 телефону аркылуу кайрылыңыз, чалуу Кыргызстандын бардык уюлдук операторлорунан акысыз.