ky
image
Жеке жактарга
Бизнеске
MIslamic
MAcademy
image
ky

MBANK MPay акциясынын жеңүүчүлөрүнө жаңы iPhone 17 смартфондорун тапшырды

30 Кулжа 2026

MBANK MPay төлөм кызматы боюнча акциянын алкагында 30дан ашык кардарды жаңы iPhone 17 смартфондорунун ээси катары аныктады. Бул масштабдуу акция өлкөнүн бардык аймактарын камтып, 2026-жылдын 20-августуна чейин уланат.

MPay технологиясы смартфондо интернет байланышы жок учурда да төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Система MKassa POS-терминалдары аркылуу иштеп, ар бир төлөм үчүн 10% чейин кешбэк кайтарып берет. Бул чечим физикалык банк карталарын, QR-коддорду жана телефонго чапталган NFC-стикерлерди алмаштырат. Төлөм бир нече секундда жүргүзүлүп, телефон номурун жазууну же интернет байланышын күтүүнү талап кылбайт.

Кантип катышса болот?

Банк кардары болуп, 100 сомдон жогору суммага MPay аркылуу төлөм жүргүзүү жетиштүү.

Жеңүүчүлөр автоматтык түрдө аныкталат:

·        жаңы колдонуучулар арасында – ар бир 1000-, 2000- жана 3000-кардар;

·        учурдагы кардарлар арасында – ар бир 30 000-, 60 000- жана 90 000-төлөм.

Акцияга өлкө боюнча миңдеген соода түйүндөрү – үйдүн жанындагы чакан дүкөндөрдөн тартып ири соода борборлоруна чейин катышууда. Жеңүүчүлөр Бишкекте гана эмес, Ош жана Жалал-Абад шаарларында да аныкталып, байгелерин алышты. Алар ошондой эле MPay кызматын күнүмдүк жашоодо колдонуу тажрыйбасы менен бөлүшүштү.

«Мен кезекте турганда күтүүсүздөн интернет өчүп калды. Ошондо MPay аркылуу интернетсиз деле төлөм жүргүзсө болорун эстедим. Натыйжада эч кандай кыйынчылыксыз төлөп койдум. Менин тажрыйбамда MPay QR-кодго караганда ылдамыраак иштейт. QR менен телефон фокусталганын же төлөм иштетилгенин 2–3 секунд күтөсүң. Ал эми MPay менен жөн гана смартфонду жакындатасың, бир секунддан кийин эле төлөм ийгиликтүү өткөнүн көрөсүң», – дейт акциянын алгачкы жеңүүчүсү Нурэмир.

MPay акциясы уланууда, алдыда дагы ондогон ойнотуулар бар. Катышуу үчүн смартфонуңузду толук кандуу капчык катары колдонуп баштасаңыз жетиштүү. Акциянын толук эрежелери жана шарттары шилтеме аркылуу жеткиликтүү.

Көңүл буруңуз! MBANK эч качан картаңыздын номуру, CVV-коду, жарактуулук мөөнөтү же мобилдик колдонмонун экран жазуусу сыяктуу жеке маалыматтарды сурабайт. Бул маалыматтарды үчүнчү жактарга бербеңиз, анткени алар алдамчылык максатында колдонулушу мүмкүн.

КР УБ №014 лицензиясы.