Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
MBANK жана Эл аралык Ала Тоо университети кызматташуу жөнүндө стратегиялык меморандумга кол коюшту.
MBANK жана Эл аралык Ала Тоо университети кызматташуу жөнүндө стратегиялык меморандумга кол коюшту.

ААК "Коммерциялык Банк Кыргызстан" |MBANK жана Эл аралык Ала Тоо университети IT тармагына жаш адистерди тартууга багытталган стратегиялык кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту. MBANK санариптик банк катары ички долбоорлорду активдүү иштеп чыгат жана студенттерге инновациялык чечимдердин үстүндө иштеген команданын бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
Банктын максаты – студенттерге жана квалификациялуу кадрларга чет өлкөгө кетпестен, өз мекенинде өнүгүү жана карьера куруу үчүн шарттарды түзүү. Кызыктуу жана келечектүү MBANK долбоорлоруна катышуу жаш адистерге керектүү билимди жана тажрыйбаларды алууга мүмкүндүк берет.
«Бизге биз менен өсүүгө даяр, дымактуу жана таланттуу адистер керек.Биз кесиптик компетенцияны өнүктүрүүгө жардам берип жана өлкөдө суроо-талаптуу адис болууга мүмкүнчүлүктөрдү жаратабыз», - деп белгиледи Башкармалыктын төрагасынын милдетин аткаруучу Улан Жанболотов.
Кол коюлган меморандум студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып, аларга Кыргызстандагы эң тез өнүгүп жаткан компаниялардын биринде стажировкадан өтүүгө жана иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп, адистердин агымын азайтууга жана жергиликтүү IT секторун чыңдоого жардам берет.
MBANK – Биринчи санарип!
КР УБ №014 Лицензиясы