М+ менен окууга ашыкча чыгымсыз жана стресске кабылбай даярдануу

Окууга даярдык — үй-бүлөлүк бюджет үчүн чоң сыноо. Мектеп формасы, спорттук кийим, бут кийим, рюкзак жана кеңсе товарлары — керектүү нерселердин тизмеси түгөнгүс көрүнөт. Анын үстүнө, баарын бир убакта сатып алуу керек. Айрыкча үй-бүлөдө бир нече окуучу же студент болсо, бул олуттуу каржылык жүккө айланат.
Бирок бардык керектүү нерсени дароо алып, ал эми акысын бөлүп төлөөгө болот.
М+ менен мектепке ашыкча чыгымсыз даярданыңыз
Окуу жылына даярдык жеңил өтүшү үчүн MBANK ыңгайлуу М+ бөлүп төлөө кызматын сунуштайт.
М+ менен бардык маанилүү сатып алууларды азыр жасап, акысын бөлүп төлөй аласыз. Бул каржылык жүктү бөлүштүрүүгө жана окуу жылынын башталышын ишенимдүү тосуп алууга жардам берет.
М+ кызматынын артыкчылыктары:
— Ашыкча чыгашасыз жана баштапкы төлөмсүз;
— Ыңгайлуу лимит: 2 000 сомдон 100 000 сомго чейин өзүңүзгө керектүү сумманы тандаңыз;
— Ыңгайлуу мөөнөт: бөлүп төлөө 12 айга чейин берилет.
Кантип тариздеп, сатып алуу үчүн төлөө керек:
1. Сатуучудан М+ аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгүн тактаңыз (же М+ өнөктөштөрүнүн тизмесин текшериңиз);
2. MBANK колдонмосун ачыңыз;
3. Башкы беттеги «Бөлүп төлөө» бөлүмүнө өтүңүз;
4. «М+ ачуу» баскычын тандап, каалаган лимитиңизди көрсөтүңүз;
5. QR-кодду скандаңыз, төлөм графигин тандап, сатып алууну тариздеңиз.
Бүттү!
Баланын билим алуусу жана ыңгайлуулугу — анын келечегине болгон эң маанилүү инвестиция. MBANK’тан М+ бөлүп төлөө кызматын тариздеп, балдарыңыз үчүн эң жакшысын үй-бүлөлүк бюджетке ашыкча жүк келтирбестен тандаңыз!
MBANK — биринчи санарип!
КР Улуттук банкынын №014 лицензиясы