"Миллиондор оюну" акциясынын эрежелеринин өзгөртүүлөрү

Урматтуу кардарлар, 2024-жылдын 15-апрелинен баштап «Миллиондор оюну» дем берүүчү акциянын эрежелеринин жаңы редакциясы күчүнө киришин маалымдайбыз.
Оюн эрежелерине төмөнкүдөй өзгөрүүлөр кирди:
Мурда:
3.16. Акция башталган күндөн тартып, «к» жана «о» тамгаларынан башка «м», «б», «а», «н», «м», «и», «л», «л», «и», «н» ариптери ар бир ийгиликтүү транзакция үчүн берилет.
3.17. «К» тамгасы бир жумада 6 жолу, жалпы ар бир этапта 24 жолу берилет, ал эми «О» тамгасы акция бүткөнгө чейин ар этап үчүн 4 жолу берилет.
Өзгөрүүлөр киргенден кийин:
3.16. Акция башталган күндөн тартып, ар бир ийгиликтүү транзакция үчүн тамга берилет. Алгоритмге ылайык, эки гана уникалдуу транзакцияга арип ала аласыз.
3.17. Уникалдуу тамгалар: ар этап үчүн 24 жолу; акция бүткөнгө чейин ар этап үчүн 4 жолудан көп эмес берилет.