Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
Кыргыз Республикасында транзакцияларга салык киргизүү тууралуу маалымат
Кыргыз Республикасында транзакцияларга салык киргизүү тууралуу маалымат

Урматтуу кардарлар!
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы «Транзакцияга салык» аттуу атайын салык режиминин киргизилгендиги тууралуу маалымдайт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 5-декабрындагы №350 Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Салык кодексине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилди:
— «Транзакцияга салык» атайын салык режими киргизилди;
— Салыктын чени 0,2%дан 0,1%га чейин төмөндөтүлдү;
— Эсеби ачылган банк транзакцияларды жүргүзүү учурунда салык агент катары салыкты кармап, төлөп берет;
— Бул режимди колдонгон салык төлөөчүлөр транзакциялар боюнча гана ишмердүүлүк жүргүзүүгө укуктуу. Кыргыз Республикасынын аймагында башка ишмердүүлүктү жүргүзүүгө тыюу салынат.
❗ Маанилүү:
Транзакциялар боюнча ишмердүүлүк жүргүзгөн салык төлөөчүлөр 2026-жылдын 1-февралына чейин атайын салык режимин колдонуу тууралуу арызды салыктык каттоодон өткөн жери боюнча салык органына тапшыруусу зарыл.
Бардык суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматына кайрылууңуздарды өтүнөбүз.