MBusiness’тин 29-августтан 1-сентябрга чейинки иштөө графиги

MBusiness’тин 29-августтан 1-сентябрга чейинки иштөө графиги
29, 30, 31-август жана 1-сентябрь — дем алыш күндөрү болгонуна карабастан, MBusiness кызматы ишин улантат.
Бул күндөрү төмөнкү кызматтар жеткиликтүү болот:
• банктын ичиндеги которуулар;
• MBANK’ка которуулар;
• эсептердин ортосундагы которуулар;
• салыктарды төлөө;
• QR аркылуу кириш жана чыгыш операциялары;
• стандарттык курс боюнча валюталарды алмаштыруу;
• кредиттерди ачуу.
Бул операциялар боюнча MBusiness кадимки иш күнүндөгү стандарттык режимде иштейт.
Маанилүү: операциялардын көчүрмөдө чагылдырылган күндөрүнө көңүл буруңуз. 29, 30 жана 31-августта жүргүзүлгөн операциялар көчүрмөдө 31-август күнү менен көрсөтүлөт. 1-сентябрда жүргүзүлгөн операциялар 2-сентябрь күнү менен чагылдырылат.
Көрсөтүлгөн күндөрү төмөнкү операциялар жеткиликтүү болбойт:
• клиринг/гросс аркылуу чыгуучу төлөмдөр;
• SWIFT;
• Visa Direct to Account;
• аманаттар;
• Борбордук казынага төлөмдөр.
MBANK – биринчи санарип. Кыргызстанда жасалган!
КР Улуттук банкынын №014 лицензиясы.