12 миң доллар үчүн таймаш: Кырчында көчмөндөр ашканасынын эң күчтүү шеф-ашпозчулары аныкталат

Ким 12 000 долларды жана көчмөндөр ашканасынын мыкты шеф-ашпозчусу наамын жеңип алат? Кырчын жайлоосунда Chef Battle чечүүчү кулинардык беттештери өтүп жатат. Гиганттык торт менен башталган фестиваль 15 өлкөдөн келген кесипкөйлөр өз чеберчилигин далилдеген чоң таймаш аянтчасына айланды.
Бүгүн, 4-сентябрда, Кырчын жайлоосунда Chef Battle сынагынын чечүүчү жарым финалдык раунддары өтүп жатат. Башкы 12 миң долларлык байге үчүн алгач 15 өлкөнүн өкүлдөрү ат салышкан, алардын ичинен учурдагы этапка тогуз гана эң күчтүү шеф-ашпозчу жетти. Шеф-ашпозчулардын беттешин көрүүгө Президент Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова келишти.
Мелдештер өтө татаал «кара куту» форматында өтүүдө: ашпозчулар жашыруун ингредиенттер топтомун алып, саналуу мүнөттөрдүн ичинде көчмөн цивилизациянын духун чагылдырган тамактын концепциясын иштеп чыгып, аны даярдап бериши керек. Мурунку күндөрү катышуучулар көчмөндөрдүн эң татаал жана маанилүү азыктарынын бири болгон боордон деликатестерди даярдоодогу чеберчилигин көрсөтүштү.
Жарым финалда күрөштү улантып жаткан катышуучулар:
1. Акбар Асылбеков (Кыргызстан);
2. Тимофей Кобетяк (Орусия);
3. Фейруз Дадашов (Азербайжан);
4. Батыр Хандурдыев (Түркмөнстан);
5. Тарон Агабабян (Армения);
6. Эржан Келеш (Түркия);
7. Юлдуз Эргашева (Өзбекстан);
8. Саид Рощаев (Казакстан);
9. Гонгоржав Адилбиш (Монголия).
Турнирди Улуу Британия, Канада, Грузия, Филиппин жана Палестинадан келген шеф-ашпозчулар жыйынтыкташты. Жеңүүчүнүн аты эртең, 5-сентябрда, катышуучулар бүтүндөй козуну пайдаланып этно-тамак даярдай турган гранд-финалдан кийин белгилүү болот.
Эске салсак, фестивалдын ачылышынын символу болуп салмагы 220 килограмм болгон гиганттык торт эсептелди. Анын жети кабаты Кыргызстандын жети облусун символдосо, мастикадан жасалган кол эмгеги — ак илбирсти, бүркүттөрдү жана боз үйдү чагылдырган. Бул шедеврди жаратууга төрт күн, 1200 жумуртка жана 24 кг бельгиялык шоколад кеткен. Чоң фотосессиядан кийин миңдеген фестиваль конокторуна бул ири десерт сунушталды.
Кырчындагы фестиваль 6-сентябрга чейин уланат. Тоодогу байланыш көйгөйлөрү эс алууга тоскоол болбошу үчүн башкы демөөрчү MBANK аймактын бардык жеринде MPay аркылуу ыңгайлуу төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылды. Технологиянын негизги өзгөчөлүгү — төлөмдөр интернет жок учурда да жүргүзүлөт.
«Көчмөндөрдүн дүйнөлүк ашканасын» колдоо MBANK үчүн улуттук баалуулуктарды жайылтуу стратегиясынын логикалык уландысы болду. Банктан белгилешкендей, дүйнөлүк маданияттарды даам жана меймандостук аркылуу бириктирүү — «Биринчи санарип» колдогон негизги идеялардын бири.
MBANK — биринчи санарип. Кыргызстандын өнүмү!
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын №014 лицензиясы.