Tesla, Amazon жана Apple акциялары — эми сиздин чөнтөгүңүздө: MBANK’тан резидент эместер үчүн брокердик эсеп.

3 Кулжа 2025

АКШнын ири компанияларына инвестиция салгыңыз келеби?
Эми бул — сиз резидент болбосоңуз дагы,түз эле MBANK колдонмосундагы MInvest аркылуу мүмкүн болуп калды!

Сиз эмнеге ээ болосуз:

  • Эсепти акысыз ачуу. Үйдөн чыкпай эле онлайн катталасыз
  • Ири компаниялардын акциялары телефонуңузда. Netflix, Tesla, Amazon жана башка Уолл-стрит гиганттарынын акцияларынын жеткиликтүүлүгү
  • Инвестицияларды ыңгайлуу башкаруу. Бардык акциялар — сиздин смартфонуңузда
  • Баалуу кагаздар боюнча аналитика. Күнү-түнү 24/7 акысыз аналитикалык материалдар жана эксперттик идеялар
  • Кызмат көрсөтүү комиссиясыз. Болгону соода жүргүзсөңүз гана төлөйсүз

 

Резидент эместер үчүн MInvest эсебин кантип ачса болот?

Биз сиз үчүн көрсөтмө даярдадык:

1. Биз менен байланышыңыз
Премиум офисинин атайын +996 706 577 578 номуруна жазсаңыз — адистерибиз байланышып, кантип баштоо керектигин айтып беришет.

2. Керектүү документтерди даярдаңыз
Эсеп ачуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • ЖӨЖ(ВНЖ) же башка мыйзамдуу жүрүүнү тастыктаган документ
  • Паспорт
  • Өлкөдө жашоого уруксат (виза, убактылуу каттоо, ЖӨЖ ж.б.)

3. Бекитүүнү күтүңүз
Документтер жөнөтүлгөндөн кийин, бардыгын текшеребиз — жана тастыктамадан кийин сиз MInvest’те эсеп ача аласыз.

MInvest — инвестицияга коопсуз жана тез жол!

MInvest сизге дүйнөлүк ири фондулук рынокторго эшик ачат.
Эми сиз NASDAQ жана NYSE биржаларынан Meta, Amazon, Netflix, Tesla жана башка ири америкалык компаниялардын акцияларын оңой эле сатып алсаңыз болот.

Бардык керектүү нерсе — смартфон жана эсеп.
MInvest менен келечекке инвестиция салыңыз — тез, ыңгайлуу жана чек арасыз!

MInvest — Кыргызстандагы лицензияланган биринчи санарип брокери.

Баалуу кагаздар рыногунда брокердик ишмердүүлүк жүргүзүү боюнча лицензия №23, 29.01.2024-ж., Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансылык рынокту жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилген.