Башкы бет
Жеке жактар
Жаңылыктар
MBANK исламдык каржылоону өнүктүрүп, «Мудараба» аманатынын күтүлгөн кирешелүүлүгүн жылдык 14,11%га чейин жогорулатат
MBANK исламдык каржылоону өнүктүрүп, «Мудараба» аманатынын күтүлгөн кирешелүүлүгүн жылдык 14,11%га чейин жогорулатат

Акчаңызды белгилүү бир мөөнөткө жайгаштырып, киреше алгыңыз келеби? MIslamic'теги «Мудараба» мөөнөттүү аманатын 36 айга чейинки мөөнөткө, жылдык 14,11%га чейинки күтүлгөн кирешелүүлүк менен ачыңыз. Аманат исламдык каржылоо шарттарында иштейт жана банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган.
Топтогон каражатыңыз пайда болгондо, аны туура жайгаштыруунун жолун табуу маанилүү: акчаңыз киреше алып келиши жана ошол эле учурда тандалган өнүм исламдык каржылоо принциптерине шайкеш келерине ишенишиңиз керек. «Мудараба» аманаты бул эки талапка тең жооп берет:
- Жогорку күтүлгөн кирешелүүлүк: жылдык 14,11%га чейин.
- Исламдык каржылоо принциптерине шайкештиги: өнүм банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган.
- Ыңгайлуу мөөнөт: каражатыңызды кайсы мөөнөткө жайгаштырууну өзүңүз тандайсыз — 36 айга чейин.
- Үзгүлтүксүз төлөмдөр: күтүлгөн киреше ай сайын төлөнөт.
«Мудараба» аманатын кантип ачууга болот?
Аманат MIslamic'те жеткиликтүү. Аны ачуу үчүн:
- MBANK колдонмосун ачыңыз.
- Төмөнкү оң бурчтагы «Дагы» баскычын басыңыз.
- Профилиңизге өтүп, банкинг түрүн MIslamic'ке өзгөртүңүз.
- Башкы менюдан «Мудараба» бөлүмүн тандаңыз.
- Аманаттын ылайыктуу түрүн тандап, «Улантуу» баскычын басыңыз.
- Шарттары менен таанышып, керектүү маалыматтарды толтуруңуз жана «Улантуу» баскычын басыңыз.
- «Аманатты ачуу» баскычын басыңыз.
- Телефон номериңизге келген бир жолку кодду жазыңыз.
- «Мудараба» бөлүмүндө аманатыңыз пайда болот.
Аманатты ачуу үчүн шилтеме аркылуу дароо өтсөңүз болот. Эгер аманатты жеке өзүңүз ачуу ыңгайлуу болсо, MBANKтын жакынкы бөлүмүнө кайрылыңыз.
Өзүңүзгө ылайыктуу мөөнөттү тандап, жылдык 14,11%га чейинки күтүлгөн кирешелүүлүк менен «Мудараба» аманатын ачыңыз. Топтогон каражатыңыз сиз үчүн иштесин!
MIslamic — исламдык санарип банк.
КРУБ №014/1 лицензиясы.