mbank logo

«Коммерциялык банк КЫРГЫЗСТАН» ААК

Жеке жактарЮридикалык жактарИслам финансылары

Кыргызча

Русский
English
Башкы бет

MBANK кызматынын купуялык саясаты

MBANK кызматынын купуялык саясаты
banner

MBANK кызматынын купуялык саясаты

Жеке маалыматтардын купуялуулугунун ушул саясаты (мындан ары – Купуялуулук саясаты) “КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы” ААКысы «MBANK» кызмат көрсөтүүсүн пайдаланып жаткан учурунда Кардар жөнүндө ала турган бардык маалыматка карата иштейт.

1. ТЕРМИНДЕРДИН АНЫКТАМАСЫ

1.1. Ушул Купуялуулук саясатында төмөнкү терминдер пайдаланылат:

1.1.2. «Жеке маалыматтар» - түз же кыйыр аныкталган же аныкталуучу жеке жакка (жеке маалыматтардын субъектиисине) тийиштүү кандай болбосун маалымат.

1.1.3. «Жеке маалыматтарды иштеп чыгуу» - автоматташтыруу каражаттарын пайдалануу менен же мындай каражаттарды пайдаланбастан жеке маалыматтар менен жүргүзүлгөн кандай болбосун аракет (операция) же аракеттердин (операциялардын), жеке маалыматтарды топтоону, жазууну, системалаштырууну, чогултууну, сактоону, тактоону (жаңылоону, өзгөртүүнү) алып чыгууну, пайдаланууну, өткөрүп берүүнү (жайылтууну, берүүнү, жеткиликтүүлүк), жаксыздандырууну, блоктоону, алып салууну, жок кылууну кошо, жыйындысы.

1.1.4. «Жеке маалыматтардын куупуялуулугу» - Банк жеке маалыматтардын субъектисинин макулдугусуз же мыйзамдуу башка негиз болмоюнча аларды жайылтууга жол бербөөнү сактоого милдеттүү болгон талап.

1.1.5. «Кардар» – 18 (он сегиз) жашка чыккан, укукка жөндөмдүү жана ишке жөндөмдүү, ага кошулуу аркылуу аны менен Келишим түзгөн жеке жак.

2. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

2.1. Кардардын «MBANK» кызмат көрсөтүүсүн пайдалануусу ушул Купуялуулук саясатына жана Кардардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу шарттарына макулдугун туюндурат

2.2. Купуялуулук саясатынын шарттарына макул болбогон учурда Кардар «MBANK» кызмат көрсөтүүсүн пайдаланууну токтотушу керек.

2.3. Ушул Купуялуулук саясаты «MBANK» кызмат көрсөтүүсүнө гана колдонулат.

3. КУПУЯЛУУЛУК САЯСАТЫНЫН ПРЕДМЕТИ

3.1. Ушул Купуялуулук саясаты “КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы” ААКысынын жеке маалыматтардын купуялуулугун ачыкка чыгарбоо жана коргоо режимин камсыз кылуу боюнча милдеттерин белгилейт.

3.2. Ушул Купуялуулук саясатынын алкагында иштеп чыгууга уруксат берилген жеке маалыматтар Банкка Кардар тарабынан берилет:

3.2.1. Кардар «MBANK» кызмат көрсөтүүсүн пайдаланган учурда.

4. КОЛДОНУУЧУНУН ЖЕКЕ МААЛЫМАТТАРЫН ТОПТООНУН МАКСАТЫ

4.1. Кардардын жеке маалыматтары Кардарга «MBANK» кызмат көрсөтүүсүнө жетүүнү «КЫРГЫЗСТАН коммерциялык банкы» ААКынын «MBANK» кызмат көрсөтүүсүнүн Купуялуулук саясаты берүү максатында жана функционалды пайдалануу мүмкүнчүлүгүн алуусу үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

5. ЖЕКЕ МААЛЫМАТТЫ ИШТЕП ЧЫГУУНУН ЫКМАЛАРЫ ЖАНА МӨӨНӨТТӨРҮ

5.1. Кардардын жеке маалыматтарын иштеп чыгуу кандай болбосун мыйзамдуу ыкма менен, анын ичинде жеке маалыматтардын маалыматтык тутумдарында автоматташтыруу каражаттарын колдонуу менен же мындай каражаттарды колдонбостон, мөөнөтү чектелбестен жүзөгө ашырылат.

5.2. Кардардын жеке маалыматтары ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген негизде жана тартипте гана берилиши мүмкүн.

5.3. Бейукук жана капыстан жетип алуудан, жок кылуудан, өзгөртүүдөн, блоктоодон, көчүрүп алуудан, жайылтуудан, ошондой эле үчүнчү жактардын башка бейукук аракеттеринен Кардардын жеке маалыматтарын коргоо үчүн Банк керектүү уюштуруучулук жана техникалык чараларды көрөт.

5.4. Жеке маалыматтар Кардар тарабынан атайын берилсе, же Кардардын күнөөсү боюнча үчүнчү жактарга атайын белгилүү болуп калса, Банк жоопкерчилик тартпайт.

6. ТАРАПТАРДЫН МИЛДЕТТЕРИ

6.1. Кардар милдеттүү:

6.1.1. «MBANK» кызмат көрсөтүүсүн пайдалануу үчүн керектүү жеке малыматтар жөнүндөмаалыматты берүүгө.

6.1.2. Ушул Купуялуулук саясатынын 6.1.1 пунктунда белгиленген маалымат өзгөргөн учурда, жеке маалыматтар жөнүндө берилген маалыматты жаңылоого, толуктоого.

6.2. Банк милдеттүү:

6.2.1. Алынган маалыматты Ушул Купуялуулук саясатынын 4-пунктунда белгиленген максаттар үчүн гана пайдаланууга.

6.2.2. Купуя маалыматтын жашыруун сакталышын камсыз кылууга, Кардардын жазуу түрүндөгү алдын ала уруксатысыз ачыкка чыгарбоого, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарынан сырткары, Кардар берген жеке маалыматтарды мүмкүн болгон башка ыкмалар менен жарыялообоого, же ачыкка чыгарбоого.

6.2.3. Кардардын жеке маалыматтарынын купуялуулугун коргоо үчүн колдонуудагы ишкер жүгүртүүдө мындай түрдөгү маалыматты коргоо үчүн адатта пайдаланылуучу тартипке ылайык коопсуздук чараларын көрүүгө.

7. ТАРАПТАРДЫН ЖООПКЕРЧИЛИКТЕРИ

7.1. Ушул Купуялуулук саясатынын 5.2 жана 5.4 пункттарында каралган учурларды кошпогондо, Кардардын жеке малыматтарын бейукук пайдалангандыгы үчүн Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

8. ТАЛАШТАРДЫ ЧЕЧҮҮ

8.1. Кардардын жана Банктын ортосундагы мамилелерден келип чыгуучу талаштар боюнча доо менен сотко кайрылганга чейин, доомат (талашты ыктыярдуу жөнгө салуу жөнүндө жазуу түрүндөгү сунуш) коюу милдеттүү болуп саналат.

8.2. Дооматты алган жак дооматты алган күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде дооматтын ээсине дооматты кароонун жыйынтыктары жөнүндө жазуу түрүндө кабарлайт.

8.3. Макулдашууга жетишпеген учурда талаш Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык сот органына кароого өткөрүлүп берилет.

8.4. Ушул Купуялуулук саясатына жана Кардардын жана Банктын ортосундагы мамилелерге Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары пайдаланылат.

9. КОШУМЧА ШАРТТАР

9.1. Эгерде Купуялуулук саясатынын жаңы редакциясында башкасы каралбаса, Жаңы Купуялуулук саясаты муну Банктын Сайтына жайгаштырган мөөнөттөн баштап үчүнө кирет.

9.2. Колдонуудагы Купуялуулук саясаты www.mbank.kg дареги боюнча бетке жайгаштырылган.