ky
close icon
image
search icon
burger icon
close icon
Жеке жактарга
Бизнеске
MBANK
Шариат кеңеши
image
ky
search icon
Башкы бет
MISLAMIC

Шариат кеңеши

Асылбеков Эмильбек Маманович

Асылбеков Эмильбек Маманович

MBANK Шариат Кеңешинин төрагасы

  • 2014-жылы Аль-Азхар эл аралык университетинин укук жана шариат факультетин ийгиликтүү аяктаган. Куран илимдеринин аалымдарынан, хадис китептеринен, хадис илимдеринен, араб тили жана башка исламий илимдерден ижазаларды алган.
  • 2017-жылы Египеттин Муфтиятындагы муфтийлерди даярдоо курсунда 2 жыл окугандан кийин Дар аль-Ифта бир жылдык стажировкадан өтүп, аны ийгиликтүү аяктаганы тууралуу расмий сертификатка ээ болгон.
  • 2019-жылы эл аралык шариат стандарттары боюнча атайын семинарларга катышып, AAOIFI сертификатын алган.
  • 2021-жылдан бери Кыргызстандын Уламалар кеңешинин мүчөсү.
Алимбеков Олжобай Болушович

Алимбеков Олжобай Болушович

MBANK Шариат Кеңешинин мүчөлөрү

  • 2004-2011-жылдары Араб тили институтун, ошондой эле Сауд Аравиясынын Мекке шаарындагы Умм Аль-Куро университетинин араб тили жана билим берүү факультетинин бакалавр даражасын ийгеликтүү аяктаган.

  • 2013-2015-жылдары Умм Аль-Куро университетинин Ислам изилдеелер борборунда Шариат боюнча квалификациясын жогорулатуу боюнча дипломго ээ болгон.

  • 2016-жылы Умм Аль-Куро университетинин «Хадис жана анын илимдери» факультетинин магистратурасына кабыл алынган.

  • 2018-2020-жылдары Иорданиянын Амман шаарындагы Дуйнелук Ислам Университетинин «Ханафи фикх жана анын усулу» факультетинде бакалавр даражасын ийгиликтүү аяктаган.

  • Дүйнөнүн көрүнүктүү ханафий аалымдарынан илим алган. Тафсир, хадис, фикх, араб жана башка илимдерден жүздөгөн илимий ижаздарды алган. Алимбеков Олжабай Болушовичтин устаздары: Шейх Мухаммад Саид Бухари, Шейх Тарик Сардар Али, Шейх Саид Бакдаш, Шейх Саид Фуда, Шейх Лувей Халили, Шейх Абдульфаттах Яфий, Шейх Али Асри, Шейх Салах Абу Хаадж, Моло Надир, Сираджиддин дамла, Шейх Чубак аджи Жалилов, Абдышукур аджи Нарматов ж.б.

Эшонкулов Тажидин Мусурманкулович

Эшонкулов Тажидин Мусурманкулович

MBANK Шариат Кеңешинин мүчөлөрү

  • 2012-жылы Кара-Балта шаарындагы Хазрети Осмон атындагы Ислам институтун аяктаган.
  • 2013-жылы Туркияда еткен «Имамдардын деңгээлин көтөрүү» курсунан өткөн.
  • 2015-жылдан азыркы учурга чейин Жайыл районунун баш имам-хатибинин орун басары. Египеттик илимпоз Ахмад Шарифтин акидасы боюнча ижазасы бар. «Фикх уль Акбар» китебинин орус жана кыргыз тилдерине түшүндүрмөөлөрү менен котормосунун автору. Ханафи мазхабындагы фикх боюнча олуттуу эмгектердин бири болгон «Мухтасар аль-викоя» котормосунун автору.
  • Учурда Ислам институтунда «Усул жана усул ул фикх» боюнча сабак берип жатат. Заманыбыздын көрүнүктүү ислам аалымы Мухаммад Таки Усманинин эмгектерин, өзгөчө ислам финансысы жаатындагы эмгектерин терең изилдеген.

Шариат кеңешинин чечими

Шарият кеңеши кабыл алган ислам принциптери тууралуу көбүрөөк билиңиз

Шариат кеңешинин чечими